Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

Камакка алууга карабастан, беларус оппозициясы нааразылык жыйындарын улантууда 


Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык жүрүшүнүн катышуучуларынын бир тобу. Минск. 2020-жылдын 6-декабры.
Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык жүрүшүнүн катышуучуларынын бир тобу. Минск. 2020-жылдын 6-декабры.

6-декабрда Беларустун коопсуздук күчтөрү өлкөнүн Минск, Брест, Гродно сыяктуу ар кыл шаарларында Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган нааразылык жүрүштөрүнө катышкан калайыктын жүздөгөн өкүлдөрүн кармап кетишти. «Весна» укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, жекшембиде коопсуздук күчтөрү өлкөнүн ар башка аймактарынан 300дөн ашуун демонстрантты кармаган.

Ушуну менен үчүнчү жекшембиде өлкөдөгү оппозициялык топтор жаңы тактика колдонуп, нааразылык жыйындарын өткөрдү. «Коңшулар жүрүшү» деп аталган жыйындар Минск жана башка шаарлардын улам башка жерлеринде уюштурулгандыктан, аларды бир учурда кармоо полиция үчүн кыйын болуп жатат.

9-августтагы президенттик шайлоо өзгөчө одоно бурмалоо менен коштолгондуктан, алтынчы ирет президенттик мөөнөткө шайландым деп санаган Александр Лукашенконун жеңишин анын атаандашы Светлана Тихановская менен жалпы беларус оппозициясы четке какты. Алар Лукашенконун кызматтан кетишин, уламдан-улам көбөйгөн саясий камактагыларды бошотууну, жаңы президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Тихановская: «Нааразылык чаралары жумушубуз же үй-бүлө менен бирге өткөргөн учурларыбыздай эле, биздин турмушубуздун ажырагыс бөлүгүнө айланды», – деп жекшембидеги нааразылык жүрүштөрүнүн алдында билдирди.

Батыш өлкөлөрү да 9-августтагы шайлоонун бурмаланган жыйынтыгын эч тааныбай турганын айтып, Лукашенко баштаган он чакты беларус төбөлүнө карата чектөө жарыялады. Лукашенко кызматтан кетүү жөнүндө талаптарды аткаруудан баш кагып, Баш мыйзам өзгөргөн соң гана бийликтен кете турганын билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG