Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:39

Беларустун борборунда нааразылык иш-чаралары уланууда



Минскидеги мурдагы нааразылык жыйындарынын биринде "Бизди коркута албайсың!" деген да ураан көтөрүлгөн. 2020-жылдын 26-октябры.
Минскидеги мурдагы нааразылык жыйындарынын биринде "Бизди коркута албайсың!" деген да ураан көтөрүлгөн. 2020-жылдын 26-октябры.

Беларустун борбору Минск шаарында Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган нааразылык жыйындары жекшембиде да уланды. Лукашенко да, оппозиция да өз турумдарында кала берип жатканы бул күнү да айгинеленди.

22-ноябрда демонстранттар Минск шаарынын ар башка бөлүктөрүндө чогулушту. Алар "Жашасын Беларус!" деп ураан чакырып, өлкөнүн кызыл жана ак түстөгү тарыхый желегин көтөрүп чыгышты.

Минскинин борборундагы бир метро бекетинин жанында аларды полиция жаш агызчу граната ыргытып тосуп алды. Башка бир жерде беткапчан коопсуздук кызматкерлери демонстранттардын колдорунан тарыхый желекти тартып алып, айырып салганы маалымдалды.

Аскердик автоунаалар да шаардын ар кыл жактарында байкалды.

Беларус оппозициясынын өкүлдөрү 2020-жылдын августундагы президенттик шайлоо жапырт бурмалоолор менен коштолгонун айтып, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, улам жаңы нааразылык жыйындарын ырааттуу өткөрүп келет.

Алар азыркы бийликтен президенттикти бозгунда жүргөн Светлана Тихановскаяга (беларусча Ціханоўская) өткөрүп берүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG