Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Кыргызстан COVID-19 илдетинен улам чет өлкөлүктөрдүн учуп келишине тыюуну алып салды


Эл аралык "Манас" аба майданындагы Түркиядан келген жүк ташуучу учак. 05.7.2020.
Эл аралык "Манас" аба майданындагы Түркиядан келген жүк ташуучу учак. 05.7.2020.

Кыргызстандын бийликтери COVID-19 илдетине байланыштуу киргизилген чет өлкөлүктөрдүн аба майдандары аркылуу өлкөгө учуп келишине карата тыюуну алып салды. Өкмөттүн 4-декабрдагы чечими тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлиги 5-декабрда "Фейсбук" барагы аркылуу билдирүү таркатты.

Билдирүүдө эми чет өлкөлүк коноктор "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аба майдандары аркылуу Кыргызстанга учуп келе алышат делет.

Чет элдик коноктор акыркы 72 саат ичинде коронавируска карата полимераздык чынжырдык реакция (ПЧР) сынагынын натыйжасы тууралуу маалымдаманы тапшырса жетиштүү. Эгерде алыскы жолдон келе жаткан жүргүнчүнүн мындай маалымдамасынын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, анда чет элдик конок аба майданынын өзүндө эле ПЧР сынактан өтө алат.

Кыргызстан 2020-жылдын жазынан тартып чек араны жаап, анан соң коронавирус азыраак жайылган өлкөлөрдөн гана саналуу конокторду киргизе баштаган.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги келээрки жылы өтө турган шайлоолорго байкоо жүргүзүү үчүн келе турган чет өлкөлүк байкоочуларга өлкөгө кирүүгө уруксат бериле тургандыгын баса белгиледи.

Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген, ал эми кезектеги парламенттик шайлоонун мөөнөтү ачыктала элек.

Жалпысынан, расмий маалыматка караганда, өлкөдө март айынан бери 74 774 киши коронавируска чалдыккан (алардын ичинен 66,538 киши айыккан) жана бейтаптардын 1290у кайтыш болгон. (TT)

XS
SM
MD
LG