Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Конституциялык палата: парламенттик шайлоону токтотуу Баш мыйзамга каршы келбейт


Конституциялык палата парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу мыйзамдын Конституцияга шайкештигин карап жатат.
Конституциялык палата парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу мыйзамдын Конституцияга шайкештигин карап жатат.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулганы жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы келбейт деп эсептейт.

Мындай чечим Конституциялык палатанын бүгүнкү, 2-декабрдагы отурумунда кабыл алынды. Чечимди палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев угузду.

Жогорку соттун Конституциялык палатасында бүгүн, 2-декабрда шайлоолор тууралуу мыйзамдын айрым нормаларын токтоткон мыйзам боюнча арыз каралды.

Конституциялык палатага арыз менен «Реформа» саясий партиясы жана активисттер Нурбек Касымбеков, Таалайбек Усубалиев кайрылган.

Алар парламенттик кайра шайлоо күнүн белгисиз мөөнөткө калтырган мыйзам Конституциянын бир нече нормасына каршы келерин айтып жатышат. Ошону менен катар Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын мыйзамдуу мөөнөтү 27-октябрда аяктаганы жүйө келтирилүүдө.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы он чакты саясий партия Бишкекте митинг уюштуруп, акция башаламандык менен бүткөн жана өлкөдө бийлик күтүүсүз алмашкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Бирок кийин Жогорку Кеңеш президентти жана парламентти шайлоо жараяндарын жөнгө салуучу конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизип, шайлоо качан өтөрү белгисиз бойдон калган. Жарандык активисттер мындай чечим менен парламент Баш мыйзамды бузганын айтып келишет. Парламент жетекчилиги мыйзам бузуу болбогонун билдирген.

Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 11 судьясы бар. Учурда үч судьянын орду бош.

Конституциялык палатанын иштеп жаткан судьялары:

Дүйшеев Карыбек (төрагасы)

Өскөнбаев Эмил

Саалаев Жедигер

Бобукеева Мээргул

Жумабаев Латип

Касымалиев Мукамбет

Кыдырбаев Кырккелди

Шаршеналиев Жамил

XS
SM
MD
LG