Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Австрияны нес кылган чабуул


Вена шаары. 2-ноябрь, 2020-жыл.
Вена шаары. 2-ноябрь, 2020-жыл.

Австриянын полициясы Венада жай тургундарга ок аткан куралчандарды издеп табыш үчүн ири операция жүргүзүүдө. Полиция кол салууга шектүү деген кишини атып өлтүрдү. Ал Австрия менен Түндүк Македониянын жарандыгын алган 20 жаштагы жигит экени кабарланды. Калган шектүүлөр изделип жатат.

Венада дүйшөмбүнүн кечинен бери чыңалуу сакталып турат. Полиция чабуул коюлган аймактарды курчоого алып, коопсуздук чараларын күчөттү. Миңдей коопсуздук кызматкери шектүүлөрдүн изине түштү.

2-ноябрдын кечинде куралчан адамдар Венанын алты аймагында, анын ичинде шаардын борборундагы синагоганын жанында жайкын тургандарга ок ата баштаган.

Венанын борбордук районундагы чабуул Австрияда коронавируска байланыштуу карантин башталарына бир нече саат калганда, ресторандар ачык кезде болгон.

«Бир заматта эле атышуу башталды. Алгач эмне болуп жатканын деле билген жокпуз. Бирок башка бакчада отурган кишилер кача башташты. Биз алгач күтүп турдук. Себеби эмне экенин билбей жаттык. Атышуу кайра жакын жерден угула баштаганда биз да качтык. Туура эмес жерге качпайлы деп, жакынкы мейманканага кирип, жашырындык», - деп билдирди күбөлөрдүн бири, студент Эвелин.

Венадагы чабуулда жараат алган кеминде төрт адам (эки эркек, эки аял) каза болду. Жергиликтүү медиа жарадар болгон 17 адамдын ичинен жети бейтаптын абалы оор экенин кабарлады.

Венадагы атышуу болгон синагога. 3-ноябрь, 2020-жыл.
Венадагы атышуу болгон синагога. 3-ноябрь, 2020-жыл.

Полиция «куралчан бир нече адам» кол салганын маалымдаганы менен азырынча шектүүлөрдүн так саны белгисиз. Австриянын канцлери Себастьян Курц бул окуяны «жийиркеничтүү террордук чабуул» деп атап, кылмышкерлер катуу даярданышканын белгиледи.

Ички иштер министри Карл Нехаммер чабуул койгондордун бирин полиция атып өлтүргөнүн, анын террордук уюмга тиешеси бар экенин билдирди.

«Шектелип жаткан кылмышкердин автоматы болгон. Ал «Ислам мамлекети» террордук уюмунун тарапкери. Кылмышкердин айлана-тегерегиндегилерди аныкташ үчүн иликтөө жүрүп жатат. Иликтөөгө кедергисин тийгизбеш үчүн анын чоо-жайын айта албайм», - деп билдирди Нехаммер.

Кийинчерээк министр шектүүнү Австриянын жана Түндүк Македониянын жарандыгын алып жүргөн 20 жаштагы жигит деп мүнөздөгөнүн жергиликтүү APA жаңылыктар агенттиги жазып чыкты. Ага ылайык, бул шектүү буга чейин да террорчулукка байланыштуу беренелер боюнча соттолгон.

Министрдин айтымында, кеминде 15 үйдө тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында бир нече адам кармалды. APA агенттиги Венадан 65 чакырым алыстыктагы Санкт-Пөлтен шаарында эки киши колго түшүрүлгөнүн жазды.

Вена шаары. 3-ноябрь, 2020-жыл.
Вена шаары. 3-ноябрь, 2020-жыл.

Дүйнө лидерлери Венадагы бул чабуулду айыптап жатышат. Немис канцлери Ангела Меркел Германия «исламчыл террорчулукка» каршы күрөштө коңшу Австрияга тилектеш экенин айтты. Соңку апталарда бир нече чабуулдар катталган Франциянын президенти Эммануэл Макрон «француздар австриялыктардын кайгысын тең бөлүшөрүн» «Твиттерге» жазды.

АКШда 3-ноябрдагы тагдыр чечүүчү шайлоого катышып жаткан президент Дональд Трамп да, анын саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден да Венадагы чабуулду айыпташты.

Орус президенти Владимир Путин Австриянын канцлерине телеграмма жиберип, Москва Вена менен террорчулукка каршы кызматташтыкты күчөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Чехиянын полициясы Австрия менен чек арада текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG