Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:00

Президенттикке талапкерлер көрсөтүлө баштады


4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо учуру. 2020-жыл.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо учуру. 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурун өтө турган президенттик шайлоо күнүн аныктады.

Сооронбай Жээнбеков президенттик мөөнөтүнүн жарымында өз ыктыяры менен кызматтан кеткенине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамга ылайык, кезексиз президенттик шайлоону 10-январга дайындаган токтом чыгарды. Анткени, “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн үч айдын ичинде президенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.

Буга байланыштуу БШК президенттик шайлоону өткөрүүнүн календарлык планын бекитти. Ага ылайык, президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жана аларды расмий түрдө каттоо 15-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

Азыр социалдык тармактарда кайсы саясатчылар президенттикке талапкерлигин коё турганы кызуу талкууга түштү. Буга чейин президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров декабрь айынын башында ыйгарым укуктарын тапшырып, президенттик шайлоого барарын жарыялаган. Ага шайлоодо атаандаш катары «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаевдин, мурдагы өкмөт башчылары Темир Сариев менен Өмүрбек Бабановдун, мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун ысымдары аталууда.

Булардын арасынан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышарын 30-октябрда жарыялады.

Саясат талдоочулар президенттик шайлоонун астында Баш мыйзамга мамлекеттин башкаруу формасын өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөнүн авторитардык башкаруудагы кошуна мамлекеттер менен Орусиянын кызыкчылыгындагы маселе катары карашууда.

Дипломат Аскар Бешимов президенттик шайлоонун кийинки конституциялык реформа менен байланып жатканы бекеринен эмес дейт:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Президенттик шайлоо болуп, анан конституциялык реформа болсо андагы өзгөртүүлөр кандай болот? Кыргызстан кайрадан президенттик башкарууга, авторитардык режимге кайта турган болсо, анын аягы эмне болот? Башка саясий күчтөр ошону кабыл алабы? Эгерде кабыл албай турган болсо, анда дагы бир төңкөрүш болобу? Анткени, биз бул башкаруу формасын баштан өткөргөнбүз да. Бул демилге сырттан таңууланып жаткан болушу мүмкүн. Биз президенттик башкарууга, көп партиялуу эмес, бир мандаттуу парламентке кайрадан бара турган болсок, албетте, айрым бир державаларга, кошуналарга абдан жагат. Алар «Кыргызстан демократия менен ойноп эмне болду, кайра эле биздин жолго кайтып келди» деп өз элине айтканга шылтоо болот. Ошон үчүн да бул демилге көтөрүлүп, таңууланып жатат окшойт. Бирок алар азыр ачык колдоо көрсөтө алышпайт. Азыркы президенттин милдетин аткаруучу эртең шайлоодон өтпөй калышы мүмкүн деген кооптонуу болот. Ошондуктан расмий түрдө азыркы өкмөттү алар тааныбай турушат».​


«Эркин-Тоо» гезитинин мурдагы башкы редактору, саясий серепчи Манас Осмон да Кыргызстандагы президенттик шайлоого тымызын кийлигишүүгө сырткы күчтөрдүн ынтызарлыгы бар экенин айтып, ири державалар геосаясий кызыкчылыгына карап, кайсы бир талапкерди көмүскө колдоого алышы мүмкүн деген ойду жокко чыгарбайт.​

Манас Осмон чөлкөмдө башкы оюнчу саналган Орусиянын кайсы талапкерге токтолору азырынча белгисиз деген пикирде:

«Биздеги президенттик шайлоодо кызыкдар чоң державалардын ортосунда тымызын тиреш жүрөт. Орусия тымызын колдогон талапкерлер жакын арада белгилүү болуп, байкала баштайт. Бирок Москванын Садыр Жапаровго басым жасабай турганы белгилүү болуп калды. Анткени биринчи төңкөрүштү жана экинчи төңкөрүштү жасаган мурдагы премьер-министрлер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев кызматта турганда КМШ аймагындагы бийлик өкүлдөрү жана башка чет өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен тыгыз алакалары болгон үчүн козголоңдон кийинки бийлигин таанытуу аларга бир топ жеңил болгон. Ал эми Садыр Жапаровдун мисалы бир аз башкача. Ошондуктан Орусия, Евробиримдик аны кабыл албай, биздин бюджетти колдоо үчүн бериле турган гранттык каражаттарды токтотуп коюп жатат. Бул көрүнүш алдыдагы президенттик шайлоодо алар Садыр Жапаровду колдобой турганынын белгиси».

Садыр Жапаровдун артындагы караан

Анткен менен башка бир серепчилер элдик толкундоонун натыйжасында абактан чыккан Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрликке келиши жөн жеринен эмес дешет.​

Аны бийликке алып келүүгө кызыкдар тымызын күчтөр болгонун байкаган саясат талдоочу Марс Сариев жаңы өкмөттү таануунун табышмагы жана алдыдагы шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы тууралуу буларга токтолду:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

«Садыр Жапаров анын бийлигин азырынча Орусия тааныбай, кабыл албай жаткандай болгону менен ал саясатчы катары Москвага жакын адам. Ошол күчтөрдүн колдоосу менен бийликке келди. Анткени, соңку мезгилде парламенттик шайлоодон кийинки чыккан чырдан бери эле Кыргызстанда ири державалар ортосунда чоң геосаясий күрөш күчөй баштады. Президенттик шайлоого чейин Москва Садыр Жапаровду ачык колдой албайт. Таасир этүү саясатында «жашыруу легендасы» деген бар. Ал жактан ошон үчүн Москва аны кабыл албай жатат деген маалыматтар чыгарылып, бул аркылуу элге таасир этүү иштери жүрүп жатат. Бирок көрөсүңөр, шайлоо бүтөрү менен Орусия Садыр Жапаровдун бийлигин эң биринчилерден болуп тааныйт. Бул жерде бир эле Орусия эмес, Кытай жана биздин кошуна мамлекеттердин бардыгы бир гана талапкерге токтолот»,-деди Марс Сариев.

Бул жолку президенттик шайлоого саясатчылар Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариевдин катыша турганы азырынча тактала элек. Алардын шайлоого барбашы мүмкүн экенин болжолдогон серепчилер бардыгы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына байланыштуу дешет. Талдоочулар арасында Адахан Мадумаров Садыр Жапаровго негизги атаандаш болоору болжолдонуп жатат.​

Серепчи Манас Осмон Бабанов шайлоого катышпай турган болсо, анда алдыдагы шайлоонун экинчи турунан кийин кайсы талапкерлердин ортосунда саясий союз түзүлүшү мүмкүн экенин мындай божомолдоодо:

«Адахан Мадумаров, Садыр Жапаров жана Мелис Мырзакматов шайлоонун үчүнчү туруна чыгышы күтүлөт. Алардын арасында Мадумаров менен Жапаровдун ортосунда ымалага келип, келишип кетүү деги эле мүмкүн эмес экени көрүнүп турат. Бирок саясий көз караштары, идеялары ар башка болсо да, Садыр Жапаров менен Мелис Мырзакматов өз ара тил табышып кетиши мүмкүн. Анткени, ал экөө Атамбаевдин бийлиги куугунтуктап, Кипрде сүргүндө жүрүшкөндө бир нече ирет жолугуп, сүйлөшүп жүргөнү белгилүү».

Буга чейинки президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы күзүндө өткөн шайлоодо утуп чыккан. Аталган президенттик шайлоого Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров жана Улукбек Кочкоров сыяктуу саясатчылар катышкан. Конституция боюнча Кыргызстанда президент бир жолу алты жылдык мөөнөт менен шайланууга тийиш.

XS
SM
MD
LG