Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:19

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

23:16 5.10.2020
Аянтта кагылышуу уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:20 0:00

23:48 5.10.2020

Аянтка жакын жерде айрым дүкөндөр талкаланды. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысына күч кызматкери билдирди.

23:53 5.10.2020

"Азаттыктын" кабарчылары тартып жаткан видеодон айрым жерлерде өрт чыгып жатканын көрүүгө болот.

23:58 5.10.2020

«Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Тилек Токтогазиев бутунан жараат алганы тартылган сүрөт "Фейсбукка" жарыяланды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG