Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:29

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

11:51 5.10.2020

11:54 5.10.2020

«Социал-демократтар» партиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип, 5-октябрда Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратынын алдына митингге чыкты.

Анда партия мүчөсү Ирина Карамушкина сүйлөп, «бийлик шайлоону өзү каалагандай өткөрдү» деп белгиледи. Ал бийликтин өзүм билемдигине оппозициянын алсыздыгы, чачкындыгы себеп болгонун айтты:

«Кечээ биз көрдүк, алар өздөрү каалагандай жыйынтыктын сүрөтүн тартышты. Мектептердеги мугалимдерди мажбурлашты. Өлкөнү бандиттерге жана аткезчилерге ишенип тапшыра албайбыз».

12:16 5.10.2020

Ак үйдүн жанында шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциясына чыккандардын арасында пикир келишпестик чыкты. "Социал-демократтар" партиясы өткөрө баштаган акцияга бир нече адам келип, аларды кетирүүгө аракет кылышты.

12:19 5.10.2020
Бишкек. 2020-жылдын 5-октябры. Шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын акциясында пикир келишпестик жаралды.
Бишкек. 2020-жылдын 5-октябры. Шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын акциясында пикир келишпестик жаралды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG