Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

22:18 5.10.2020

Мурдагы премьер-министр, "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун пикиринде президенттин аппараты менен парламент жайгашкан имараттын кашаасын сындырып кирүүгө жана секирип өтүүгө аракет кылгандар митингди уюштуруучуларга каршы иштеген чагымчылар.

“Туура эмес болду. Менимче, ал балдар беткап кийип, башын жаап келгени – бул чагым”, - деди Феликс Кулов "Азаттыкка".

Феликс Кулов
Феликс Кулов

Саясатчы ошондой эле жарандардын тынч митинг өткөрүү укугу Конституцияда кепилденгенин, эгер акция тынч өтүп жатса, аларга күч түзүмдөрү тоскоолдук кыла албасын айтты.

Ал эми митингге чыккандардын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу талаптары боюнча Кулов төмөнкүлөрдү айтты:

“Биз укуктук мамлекетпиз деп жазылган. 100 миң, мейли миллион добуш айырма чыккан күндө да шайлоонун жыйынтыгын толук жокко чыгарууга негиз болчу мыйзам же берене керек. Укуктук негиз болушу шарт. “Эл чыкты, каршы болуп жатат” деп жокко чыгаруу туура эмес. Эртең “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик" чыкса эмне болот? Согуш башталабы? Ошондуктан, Боршайком кайсы шайлоо бекеттери боюнча күмөн саноо бар болсо, ошол жерде добуштарды кайра эсептеп чыгышы керек жана №2 форма менен добуш бергендер боюнча да текшерүү жүргүзүүсү зарыл”.

22:20 5.10.2020

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Ала-Тоо аянтындагы митингди таркатуу учурунда 16 адам ар түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөнүн маалымдады.

Бишкек шаардык травматология, ортопедия илим изилдөө институтуна төрт, Улуттук госпиталга 10, Бишкек шаардык №1 ооруканасына эки адам "Тез жардам" менен жеткирилди. Алардын жарааты канчалык оор экени такталууда.

22:34 5.10.2020

22:57 5.10.2020

"Ата Мекен" партиясынын штабы Жанарбек Акаев медициналык жардам алгандан кийин кайра аянтка кайтып бара жатканын маалымдады.

Аталган партиянын мүчөлөрү митингдин катышуучуларын таркап кетпөөгө чакырууда. Буга чейин Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингди таратууда “Ата Мекен” партиясынан талапкер, депутат Жанар Акаев жараат алганын анын жардамчысы Орозбек Муратов билдирген.

Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, үндүү граната, суу чачып таркатууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG