Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

16:29 5.10.2020

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган партиялардын митингинде Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын шайлоо тизмесин жетектеген Жанарбек Акаев азыр ыйлай турган учур болуп жатканын белгиледи:

«Буларды жокко чыгарышыбыз керек. Контрабандисттер, уурулар, «ака-укалар», куда-сөөктөр парламентти ээлеп алды. Кайра шайлоо! Кайра шайлоо! Кайра шайлоо кылышыбыз керек. Уурулар, туугандашкан жана кландашкан система шайлоого катышпашы керек. Элибизди сатып алышты. Мындай бийлик, мындай парламент кетсин! Эмне үчүн бийлик буга жол берди? Бүгүн Башкы прокуратура 25 мыйзам бузуу катталганын айтты. Бул күлкү да! Мына, Алай районунда беш миңден ашык адамды каттатышты. Ушундай арам, ыплас шайлоодон кийин бийлей турган эмес, ыйлай турган учур».

16:39 5.10.2020

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына макул эмес саясий партиялар катышып жаткан Ала-Тоо аянтындагы митинг уланууда. Анда сүйлөгөн "Ата Мекен" партиясынан талапкер Элвира Сурабалдиева митинг мөөнөтсүз экендигин белгиледи. Ал ошондой эле милиция кызматкерлерине кайрылып, аларды эл менен болууга чакырды.

16:50 5.10.2020

"Мекенчил" саясий партиясы 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна партия лидери Камчыбек Ташиев билдирди. Ал тез арада жаңы шайлоо өткөрүү зарыл деп эсептейт:

"Парламенттик шайлоо өтө ыплас жүргөнүн бүт эл көрдү. Муну бир же он адам айтып жаткан жок. Бүт эл айтууда. Ошондуктан жыйынтыгын жокко чыгарып, тез арада кайрадан шайлоо өткөрүшүбүз керек".

Ташиев ушу тапта Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан нааразылык акциясына барды.

16:53 5.10.2020
Евгения Строкова.
Евгения Строкова.

«Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон, Жогорку Кеңештин VI чакырылыштын депутаты Евгения Строкова бул кырдаалга жалаң эле шайлоодон өткөн партиялар эмес, өтпөй калгандар да күнөөлүү деген пикирде. Ал «Азаттык» радиосуна:

«Биринчиден, абдан кымбат биометрикалык системага эмнеге каражат салдык? Таза шайлоо баары бир өтпөгөндөн кийин, шайлоодон кийин эл нааразы боло бергенден кийин электрондук документтин эмне кереги бар эле? Айыптоону анда кайсы бир партиянын акчасын алып, башкага салгандарга да коюшсун. Ошондо адилеттик болот да. Чындап келсе, добуш сатып алууга ар бир партияны айыптаса болот. Азыр аянтта бакырып жаткан партияларды деле айыптай алабыз. Бул мүшкүл мурдатан эле болуп келген. Аларды эл алдап кетти да. Бирок партиялар элдин атынан кыйкырып жатышпайбы. Ал эми эл башкаларды шайлабадыбы. Бул менин жеке пикирим. Тилекке каршы, эл эми «биз кыйналдык» деп нааразы болот. Өздөрү сатылып жатпайбы», - деди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG