Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

16:55 5.10.2020
Аянттын алдына күч кызматкерлери чогула баштады.
Аянттын алдына күч кызматкерлери чогула баштады.

16:56 5.10.2020

17:05 5.10.2020

"Биримдик" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Азамат Арапбаев 4-октябрдагы парламенттин VII чакырылышын шайлоо калыс, акыйкат өткөнүн билдирди. Ал ошондой эле шайлоодо жеңип чыккан партиянын өкүлү катары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылышарын да кошумчалады.

Азамат Арапбаев.
Азамат Арапбаев.

"Элдин үнү ушул шайлоо менен угулду. Айрым жерлерде кандайдыр бир деңгээлде мыйзам бузуулар да болду. Аларды Борбордук шайлоо комиссиясы карайт. Каршы чыгып жаткан партиялар шайлоодо өзүн көрсөтө албады. Кыйкырып жаткандардан мыйзам бузуу боюнча факты сурап койсоңор болот. Ошол оппозициялык партиялар кийинки беш жылдыкка жакшылап даярдансын", - деди.

"Биримдик" партиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуштардын саны боюнча биринчи орунда келе жатат.

17:46 5.10.2020

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакиров 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары тууралуу ушундай пикирин билдирди. Анын айтымында:

Мирлан Бакиров
Мирлан Бакиров

"Кыргызстанда шайлоо тилкелеринде ачык добуш берүүнү камсыз кылган биометрикалык система иштейт. Ар бир партия дараметине жараша аракет кылып, добуштарды алды. Бардык партия сөзсүз түрдө жеңишке жетет деген эреже жок да. Шайлоону тандоо дейт, бул жерде эл шайлады. Элдин тандоосун сыйлаш керек".

Мирлан Бакиров ошол эле мезгилде шайлоодогу добуш берүү жыйынтыктары толук чыга электигин билдирип, мыйзам бузуулар болсо БШКга кайрылуу зарылдыгын белгиледи.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча жети пайыздык чектен өтүп, пайыздык көрсөткүчтө экинчи орунда келе жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG