Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:22

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

12:19 5.10.2020
Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.
Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

12:33 5.10.2020

12:43 5.10.2020

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышкан дагы бир нече саясий партия биригип, бул жараянды мыйзамсыз деп табууну чогуу талап кылмай болушту. 5-октябрда "Реформа", "Мекен Ынтымагы", "Чоң Казат", "Ыйман нуру" жана "Ордо" партиялары бириккенин жарыялашты. Алар Бишкектин борбордук аянтында нааразылык акциясына чыгарын билдиришти.

“Мекен ынтымагынын” лидери Темирбек Асанбеков өз сөзүндө “Эгерде бул багыт менен кете берсек Кыргызстандын келечеги болбойт. Ошондуктан баарыбыз биригип, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылабыз” деп айтты.

13:10 5.10.2020

"Бир Бол" партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болгон, активист Руслан Акматбек бүгүнкү күндө парламентти эле эмес, келечекке болгон үмүтүбүздү алдырып жибердик деди. Ал бул тууралуу 5-октябрдагы шайлоонунун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингинде билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG