Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

22:34 5.10.2020

22:20 5.10.2020

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Ала-Тоо аянтындагы митингди таркатуу учурунда 16 адам ар түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөнүн маалымдады.

Бишкек шаардык травматология, ортопедия илим изилдөө институтуна төрт, Улуттук госпиталга 10, Бишкек шаардык №1 ооруканасына эки адам "Тез жардам" менен жеткирилди. Алардын жарааты канчалык оор экени такталууда.

22:18 5.10.2020

Мурдагы премьер-министр, "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун пикиринде президенттин аппараты менен парламент жайгашкан имараттын кашаасын сындырып кирүүгө жана секирип өтүүгө аракет кылгандар митингди уюштуруучуларга каршы иштеген чагымчылар.

“Туура эмес болду. Менимче, ал балдар беткап кийип, башын жаап келгени – бул чагым”, - деди Феликс Кулов "Азаттыкка".

Феликс Кулов
Феликс Кулов

Саясатчы ошондой эле жарандардын тынч митинг өткөрүү укугу Конституцияда кепилденгенин, эгер акция тынч өтүп жатса, аларга күч түзүмдөрү тоскоолдук кыла албасын айтты.

Ал эми митингге чыккандардын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу талаптары боюнча Кулов төмөнкүлөрдү айтты:

“Биз укуктук мамлекетпиз деп жазылган. 100 миң, мейли миллион добуш айырма чыккан күндө да шайлоонун жыйынтыгын толук жокко чыгарууга негиз болчу мыйзам же берене керек. Укуктук негиз болушу шарт. “Эл чыкты, каршы болуп жатат” деп жокко чыгаруу туура эмес. Эртең “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик" чыкса эмне болот? Согуш башталабы? Ошондуктан, Боршайком кайсы шайлоо бекеттери боюнча күмөн саноо бар болсо, ошол жерде добуштарды кайра эсептеп чыгышы керек жана №2 форма менен добуш бергендер боюнча да текшерүү жүргүзүүсү зарыл”.

22:16 5.10.2020

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн митингди таркатуу себебин түшүндүрдү. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта төмөнкүлөр айтылды:

“ИИМ тынч тарап кетүүгө чакырган. Бирок митингдин катышуучулары жана уюштуруучулары коомдук тартипти бузуп, Чүй проспектиндеги кыймылды бууганга аракет кылышты. Андан ары Жогорку Кеңештин имаратын курчаган темир дарбазаны агрессивдүү түрдө сындырууга аракет кылышты. Таш ыргытып, дарбазадан ашып кирүү аракетин көрүштү. Жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды газ жана кулак тундуруучу атайын каражаттарды колдонуу жана суу бүрккөн автомашиналарды пайдалануу менен таркатууга туура келди. Уюштуруучуларды жана партиянын лидерлерин митингге катышкандарды үйүнө толук таратып кетирүүгө дагы бир жолу чакырабыз. Учурда Бишкек шаарында коомдук тартип орнотуу максатында милиция кызматы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө”.

Буга чейин ИИМ аянтта чогулгандарды тарап кетүүгө чакырып, митингчилер арасында спирт ичимдиктерин ичип алгандар бар экенин белгилеген.

Жарандардын ден соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болорун эскерткен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG