Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:26

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

21:52 5.10.2020


Токтогул менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган "Наават" ресторанынын алдында машине өрттөнүп жатат.

21:39 5.10.2020

21:37 5.10.2020

"Азаттыктын" кабарчысы маалымдагандай, күч кызматкерлери көздөн жаш агызган газ колдонуп жаткандыктан дем алуу кыйын болуп жатат.

21:35 5.10.2020

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Азаттыкка» Ала-Тоо аянтында митингге чыккандарды таркатуу маалында күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери жарадар болгонун кабарлады. Экөөнүн тең мээси чайкалган. Аларды «Тез жардам» кызматы Улуттук госпиталга алып кетти.

Азыркы тапта аянтта бир «Тез жардам» бригадасы иштеп жатат. Митингге келгендердин арасынан канчоо жарадар болгону белгисиз.

Буга чейин Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингди таратууда «Ата Мекен» партиясынын талапкери, депутат Жанарбек Акаев жараат алганын анын жардамчысы Орозбек Муратов билдирген эле.

«Азаттыктын» аянттагы кабарчылары буга чейин эки катышуучу жарадар болгонун көргөнүн түз эфирден айтышты. Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, катуу үндүү граната, суу чачып таркатты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG