Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

21:33 5.10.2020

Караколдун борбордук аянтында эл чогула баштады. Бул тууралуу Каракол шаарынын активисти Замира Оторбаева билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маңдайында эл чогулууда. Алар шайлоонун жыйынтыгына болбогонун билдиришти. Ошондой эле облустагы айрым айылдардын тургундары да Бишкектеги митингге катышуу үчүн жолго чыкканы белгилүү болду. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Ысык-Көл облусунун 51,8% добуш берген.

21:27 5.10.2020

Митингчилер күч кызматкерлерине таш ыргытууда. Күч кызматкерлери желим ок атып жатышат.

21:24 5.10.2020

Аянтка митингге чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, катуу үндүү граната, суу чачып таркатууда.

21:17 5.10.2020

"Азаттыктын" кабарчысынын маалыматы боюнча, бери дегенде эки адам жараат алып, аларга "Тез жардам" кызматкерлери жеринде жардам көрсөтүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG