Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

21:03 5.10.2020

Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингди таратууда “Ата Мекен” партиясынан талапкер, депутат Жанар Акаев жараат алды. Бул тууралуу Акаевдин жардамчысы Орозбек Муратов кабарлады. Анын айтымында, бутунан жараат алган Акаевди ооруканага жеткирүү үчүн "Тез жардамды" күтүп жатышат. Интернетте тараган видеодо Акаевди бир нече адам көтөрүп баратканын көрүүгө болот.

20:55 5.10.2020
Күч кызматкерлери аянттагы элди таратууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

20:54 5.10.2020

Аянтка митингге чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, катуу үндүү граната, суу чачып таркатууда. Акциянын катышуучулары Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратынын тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан. Милиция, ОМОН кызматкерлери митингдегилерди экиге бөлүп, атайын автоунаа жана иттердин жардамы менен кубалоодо.

«Азаттык» радиосунун кабарчыларынын түз эфиринен айрым жарадар болгон атуулдарды да көрсө болот. Митингчилер атылган октон жана түтүндөн улам тарап жатат.

20:48 5.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG