Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

19:19 5.10.2020

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев күч кызматкерлери эски аянттын жанында токтоочу жайда жөн эле турушканын айтты.

19:11 5.10.2020

12 саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясынан 4-октябрдагы шайлоону жокко чыгаруусун талап кылган катка кол коюшту. Бул тууралуу Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев билдирди. Жээнчороевдин айтымында, кол койгондордун арасында «Мекенчил» партиясы жана «жети пайыздык чектен өткөнү" белгилүү болгон «Бүтүн Кыргызстан» партиясы да бар»

«Үч ууру партиядан тышкары бардык партиялар кол койду, шайлоо жокко чыксын, бандиттер менен уурулар кетсин деп», - деди саясатчы.

19:06 5.10.2020
Күч кызматкерлери аянтка тартылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:14 0:00

18:50 5.10.2020

«Республика» партиясынын талапкери Кенжебек Бокоев 5-октябрда Талас шаарында өткөн тынчтык митингдин катышуучулары Бишкекке жол тартканын «Азаттыкка» билдирди.

«Бүгүнкү митингге жүздөгөн кайдыгер эмес таластыктар келди. Анда шайлоону тааныбайбыз деген резолюция кабыл алдык», - деди ал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG