Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

18:25 5.10.2020

Шаар бийлиги жана милиция митингге чыккандардын саны тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

18:24 5.10.2020

Шайлоого нааразы болгондор Кыргыз Республикасынын гимнин ырдашты.

18:19 5.10.2020
Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры. Сүрөт интернеттен алынды.
Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры. Сүрөт интернеттен алынды.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында ушу тапта миңдеген адамдар топтолуп турат. Шаар бийлиги жана милиция митингге чыккандардын саны тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири, "Чоң Казат" партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев 15 миңдей адам топтолуп турганын билдирди.

Сегиз партия уюштурган митингде сүйлөгөндөр шайлоодо добуш сатып алуу көп болгонун, бийлик буга чара көрбөгөнүн, парламентке «уурулар жана аткезчилер» өткөнүн айтып жатышат.

Шайлоону уюштуруу үчүн жооптуу болгон вице-премьер-министр Акрам Мадумаров шайлоодо мыйзам бузулган учурлар болгонун, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир бере албай турганын «Азаттыкка» билдирген.

17:46 5.10.2020

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакиров 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары тууралуу ушундай пикирин билдирди. Анын айтымында:

Мирлан Бакиров
Мирлан Бакиров

"Кыргызстанда шайлоо тилкелеринде ачык добуш берүүнү камсыз кылган биометрикалык система иштейт. Ар бир партия дараметине жараша аракет кылып, добуштарды алды. Бардык партия сөзсүз түрдө жеңишке жетет деген эреже жок да. Шайлоону тандоо дейт, бул жерде эл шайлады. Элдин тандоосун сыйлаш керек".

Мирлан Бакиров ошол эле мезгилде шайлоодогу добуш берүү жыйынтыктары толук чыга электигин билдирип, мыйзам бузуулар болсо БШКга кайрылуу зарылдыгын белгиледи.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча жети пайыздык чектен өтүп, пайыздык көрсөткүчтө экинчи орунда келе жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG