Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:31

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

15:48 5.10.2020

15:28 5.10.2020

15:25 5.10.2020

Талас шаарынын мэриясы жана облустук администрация тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу «Республика» партиясынан талапкер болгон Кубат Болотканов билдирди:

«Оппозициялык партиялардын өкүлдөрү, шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон эл музыкалык драма театрынын алдына чогулдук. Бирок бул жерде жарык бербей коюшту».

Тынчтык митингине «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру», «Реформа», «Социал-демократтар» партияларынан 300гө жакын адам чогулду.

Талас облусунда 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясы 21,72%, «Биримдик» 19,21%, «Республика» 19,15% добуш алган.

Шайлоо күнү облуста №2 форма менен добушканага барган шайлоочулар узун кезекке туруп, бир нече мыйзам бузуу да катталган.

15:10 5.10.2020

Бишкектеги Опера, балет театрынын имаратынын жанында 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жокко чыгарууга чакырган митинг башталды. Трибунадан "Ата Мекен", "Республика" жана "Замандаш", "Бир Бол" партияларынын лидерлерин, өкүлдөрүн көрүүгө болот.

Алар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылып, ага бир күч менен катышарын билдирип жатышат.

Митингчилер шайлоо калыс эмес жана ыплас өткөнүн белгилеп, элди жер-жерлерде мыйзам чегинде каршылык билдирүүгө чакырып жатышат.

"Шайлоо жокко чыксын!", "Бандиттин жана коррупционердин орду түрмөдө!", "Күрөш башталды!" "Туугандашкан система Бакиевдин бийлигинен ашып кетти!", "Шайлоонун алдында биригишибиз керек эле, азыр да кеч эмес" деген ураандар айтылууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG