Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:36

Камактагы алты казак активисти саясий туткундардын тизмесине кошулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандагы укук коргоочулар ар кандай кылмыш иштердин негизинде камакка алынган алты жарандык активистти саясий туткундардын тизмесине кошту. Бул тууралуу «Ар.Рух.Хак» өкмөттүк уюмунун башчысы Бахытжан Торегожина «Фейсбуктагы» барагына жазды.

Алардын арасында соцтармактарда бийликти, адилетсиз сот чечимдерин сындап келген Санавар Закирова бар. Ал быйыл июль айында камалган. Ошондой эле бул тизмеге сот аркылуу экстремисттик деп таанылган, ишмердигине тыюу салынган «Көше партиясы» кыймылынын лидерлери Асхат Жексебаев, Абай Бегимбетов жана Кайра Клышев кирген. Алар нааразылык акциялары маалында камакка алынган.

Андан сырткары саясий туткундардын катарына Чыгыш-Казакстан облусундагы активист Серик Идырышев менен Костанай шаарынын тургуну Аскар Ибраев да кошулду. Алар ушул жылы ишмердигине тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын ишине аралашкан деген айып менен камакка алынган.

Саясий туткун деп таанылгандардын толук тизмеси «Альянс Тирек» укук коргоо уюмунун сайтына жайгаштырылган жана анда 50дөй адамдын аты-жөнү аталган. Мындай тизме түзүү 2013-жылы башталган.

Казак бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экенин жокко чыгарып келет.

XS
SM
MD
LG