Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

15:36 9.8.2020

Көпчүлүк эксперттер жана байкоочулар Беларуста шайлоо буга чейин болуп көрбөгөндөй активдүү өтүп жатканын белгилешүүдө. Латвия, Литва, Орусия, Украина өлкөлөрүндө беларус жарандары үчүн ачылган шайлоо бекеттеринде добуш берүү үчүн келгендердин узун кезеги пайда болду.

15:42 9.8.2020

16:10 9.8.2020

Беларустун учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттер менен маектешти. «Мыйзамды бузуп эч ким эч кандай репрессия кылган жок жана кылбайт. Мыйзамды сактагыла. Мыйзам, бир гана мыйзам!» деп айтканын БелТА агенттиги жазды.

Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Ал ошондой эле эл аралык байкоочулар азыр деле жакшы баа бербей турганын белгиледи. «Бизди алар "Азаматсыңар, беларустар!" деп айтат деп күтпөш керек. Саясат – бул күрөш» деген Лукашенко өз элинин кызыкчылыгына карап иш кылып атканы белгиледи. Буга чейин эл аралык байкоочулар өлкөдөгү шайлоолорго таза жана калыс өттү деп баа беришкен эмес.

Лукашенко бул жолку шайлоо өзү үчүн «бирден-бир татаал» экенин моюнга алды. Оппозициянын жыйындарына миңдеген, түмөндөгөн адам катышып, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып келишти.

Лукашенко өлкөдө күч түзүмдөрү күчөтүлгөн режимге өткөнүн, 9-августта Беларуска сырттан кирип келаткан, документтери күмөн жараткан адамдар кайра чыгарылганын билдирди. «Чек арада көзөмөл абдан олуттуу. Ошондой эле акыркы окуяларга байланыштуу биз белар-орус чек арасында текшерүүнү күчөттүк. Баса, биз өлкөдөн чыгарган адамдар ал жакта да болду. Ал 170 адамдын ичинде орусиялыктар, украиналыктар бар. Көпчүлүгү Украинанын жана Польшанын аймагынан кирүүгө аракет кылышкан» - деди. Лукашенко буга чейин Беларустагы шайлоого тышкы күчтөр киришип жатканын, «эбегейсиз ресурстар» жумшалганын билдирген. Ал негизинен Кремлди айыптаган. Июлдун аягында Минскте орусиялык бийликке жакын «Вагнердин жеке аскер компаниясынын» ондогон жоокери кармалганы кабарланган.

Быйыл президенттик шайлоо өнөктүгү башталганы Беларустагы укук коргоочулар 24 кишини саясий туткун деп таанышкан. Алардын арасында талапкер болууну көздөгөн оппозициячылар Виктор Бабарико менен Сергей Тихановский да бар. Үгүт өнөктүгү учурунда 700 ашуун адам кармалганын укук коргоочулар эсептеп чыгышкан.

16:23 9.8.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG