Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

09:54 9.8.2020

Шайлоого бир күн калганда беларус бийлиги "Настоящее Время" телеканалынын үч кызматкери - Юрий Баранюк, Ирина Ромалийская жана Иван Гребенюкту өлкөдөн чыгарды. Үч журналист тең депортацияланып, өлкөгө киришине 10 жылга тыюу салынды. Бийликтин чечими менен журналисттер Украинанын Одесса шаарына жөнөтүлдү.


Ромалийская менен Гребенюк Украинанын, Баранюк Орусиянын жараны. Алар 7-августта Беларус баш калаасындагы "Минск" мейманканасында кармалган. Журналисттер Беларуска жекшембиде өтчү президенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдырганы барышкан.

Июлдун ортосунда Беларуста президенттик шайлоонун алдындагы бийликтин кадамына каршы акцияларды чагылдырып жүргөн медиа кызматкерлери да кармалган. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Беларус бөлүмүнүн эки кызматкери кармалып, кайра бошотулган.

10:04 9.8.2020

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы төрт күндүк алдын ала шайлоого шайлоочулардын 32,24% пайызы катышканын жарыялады.

Маалыматка караганда, алдын ала шайлоодо добуш берген шайлоочулар 6 834 081 кишини түздү.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы байланыш жана маалыматташтыруу министрине кайрылып, добуштарды эсептеген "Голос" көз карандысыз сайтынын ишин чектөөгө чакырды. Буга чейин президент Александр Лукашенко сайттын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу керектигин айткан. Боршайкомдун төрайымы добуштарды көз карандысыз саноо демилгесин "зыяндуу жана кылмыштуу долбоор" деп атаган.

Көз карандысыз байкоочулар Беларуста алдын ала шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун бир нече жолу билдиришти.

Шайлоо комиссияларынын кызматкерлери байкоочулар менен журналисттерди добушканалардан кууп, бюллетень салынган үкөктөр түнү бою кайтаруусуз калган фактылар болгону маалымдалган.

10:40 9.8.2020

Минск шаарында 8-августта президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын шайлоо штабынын башчысы Мария Мороз кармалды.

МБХ-медиа кабарлагандай, Мария Мороз 10-августка белгиленген сотко чейин милиция бөлүмүндө кармалат. Ушул эле күнү Боршайком каттабай койгон дагы бир оппозициялык талапкер Виктор Бабариконун шайлоо штабынын жетекчиси Мария Колесникова кармалып, кайра бошотулду. Колесникова кармалгандан жарым сааттан кийин аны башка киши менен алмаштырып алганы, милиция кызматкерлери андан кечирим сурап кое бергени тууралуу маалымат тарады.

Бабариконун өзү буга чейин камакка алынган. Июлдун ортосунда Беларус Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициялык талапкерлер - Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалону каттоодон баш тарткан.

11:26 9.8.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG