Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, Минск убактысы боюнча саат 10:00гө карата шайлоочулардын 45,33% добуш берди. Мунун алдында БШК шайлоочулардын 41 пайызы алдын ала добуш бергенин билдирген. Беш күндүк алдын ала шайлоо – Беларустагы шайлоолор үчүн салттуу процедура жана көз карандысыз байкоочуларда көптөгөн суроолорду жаратып келет.
Көз карандысыз байкоочулар шайлоодо көптөгөн бурмалоолор болуп жатканын кабарлашууда: шайлоо комиссиясынын кызматкерлери байкоочуларды имаратка киргизбей жатат, алар даттанса, милиция чакырууда, айрым байкоочуларды кармап кетишти.