Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

12:11 9.8.2020

Беларус убактысы боюнча саат 9:00дө (Бишкек убактысы боюнча түшкү 12:00) шайлоо бекеттери ачылып, добуш берүүчүлөр келе баштады. Социалдык тармактарга чыгып жаткан видеолордон айрым бир бекеттерде кезек күткөндөрдү көрүүгө болот.

13:31 9.8.2020

Москва, Киев шаарларындагы Беларус элчилигинин алдында добуш берүү үчүн кезек күткөндөр мүнөт сайын көбөйүүдө. Шайлоого келгендердин көбү колуна ак тасма тагып алышкан. "Настоящее время" каналынын журналисттери менен баарлашкандардын көбү бул жолку шайлоо өлкөгө өзгөрүүлөрдү алып келет деген үмүтүн билдиришти.

14:12 9.8.2020

Шайлоо күнү Беларуста Интернет байланышы үзгүлтүккө учурап жатат.

“Настоящее время” каналынын кабарчысынын айтымында, мобилдик интернет байланышы үзүлдү. “Настоящее время” Беларустагы бир нече эксперт менен түз ободо байланыша албай койду.

"Onliner" басылмасы, айрым дүкөндөрдө “терминалдар техникалык себептерден улам иштебейт” деген жазуулар пайда болду.

Беларустагы “Медиазонанын” кабарчылары ByFly, MTS, Life, "Космос ТВ" операторлорунун интернети иштебей калганын айтышты.

“Белтелеком” компаниясынын директорунун орун басары Вадим Шайбаков “чет өлкөлүк трафиктен улам каналдарга күч келип жатканын” билдирди.

14:57 9.8.2020

Эгерде кечинде өтө көп добуш берүүчү келсе, шайлоо бекеттеринде өткөрмө режими киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лидия Ермошина билдирди.

Мунун алдында президенттикке талапкер Светлана Тихоновскаянын штабы шайлоочуларга кайрылып, кечке жуук добуш берүүгө үндөгөн. Штаб мындай жол менен шайлоодо бурмалоолорду азайтууга болорун айткан.

Лидия Ермошина
Лидия Ермошина

“Шайлоочуларга кайрылып, эртең менен же күндүз добушун берүүгө чакырам. Себеби кечинде бийликтин оппоненттери эл көп топтолот деп убада берүүдө. Мындай учурда шайлоо бекеттеринде өткөрмө режими киргизилип, комиссия мүчөлөрү канча бюллетень берсе, ошончо сандагы шайлоочулар гана киргизилет. Ал эми кечинде бюллетендер аз болот”, деди Ермошина.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG