Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

20:20 13.9.2020

Ыктыярчылар демонстранттарга суу, тамак берүүдө. Алар демонстранттар бараткан жолдун боюндагы кафелердин ээлеринен роутерлерди күйгүзүп коюуну өтүнүшүүдө. Бүгүн Минскиде Интернет байланышы начар болуп, уюк телефондор айрым жерлерде тартпай жатат.

20:18 13.9.2020

20:17 13.9.2020

Бүгүн Минскидеги "Баатырлардын жүрүшүнө" 100 миңден 150 миңге чейин адам катышууда.

Беларус медиа каражаттары акцияларга түмөндөгөн адамдар чыкканын жазышууда. "Кулуары KYKY" телеграм-каналынын маалыматы боюнча, Минскинин борборуна жүз миң адам топтолду. "Интерфакс" күбөлөргө шилтеме берип, митингге 150 миң адам катышып жатканын кабарлайт.

Беларус Ички иштер министрлиги өлкө боюнча нааразылык акцияларына үч миңден ашпаган адам катышып жатканын, 250дөн ашык адам кармалганын билдирди.

17:22 13.9.2020

12-сентябрда Беларустун Ички иштер министрлиги митинг маалында 114 адам кармалганын, 87 киши убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG