Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

17:16 13.9.2020

Президент Александр Лукашенконун резиденциясына атайын бронетехника алынып келди.

17:08 13.9.2020

Минск шаарында "Баатырлардын жүрүшү" башталбай жатып, ага катышуу үчүн келгендерди күч кызматкерлери кармап кетүүдө.

17:06 13.9.2020

21:24 6.9.2020

Беларустун борбору Минск шаарында жекшембиде президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып, түмөндөгөн адамдар жүрүшкө чыкты.

Ушундай эле акциялар башка ири шаарларда да өттү. Минскиде милиция «Биримдик жүрүшүнөн» айрым демонстранттарды кармап кетти. Анын алдында борбор шаарга аскердик техника киргизилген эле. Беларуста шайлоо жыйынтыгынан кийин башталган калайман каршылык акциялары төрт жумадан бери токтой элек.

Жекшембиде демонстранттар Минск шаарындагы Эркиндик аянтына чогулмак. Бул жер, шаардык ортосу тикенек зым менен тосулуп, аны милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кайтарып турду. Ушундан улам каршылык акциясына чыккандардын айрымдары Немигди көздөй, кээ бирлери Жеңүүчүлөр проспектисине карай жол тартты. Бул көчөдө президент Александр Лукашенконун резиденциясы жайгашкан. Өткөн аптада беларус президенти бул жерге тик учак менен келип, курал көтөрүп жүргөн.

6-сентябрда кызыл-ак түстүү желек көтөргөн, «Кет» деген ураан кыйкырган түмөндөгөн адамдар каз-катар тизилип алып «Биримдик жүрүшүнө» чыкты. Алардын үнү угулбай калышы үчүн бийлик бул көчөнүн башынан аягына чейин угулгудай музыка коюп койгон, анын ичинде аскердик ырлар да жаңырып турду.

«Биримдик жүрүшүн» утурлай анын уюштуруучулары билдирүү тараткан. Анда «Бул жекшембиде биз күн сайын кармап кетип жаткандарга, түрмөдө отургандарга тилектеш экенибизди бүт дүйнөгө көрсөтүшүбүз керек. Бул жекшембиде биз эгемендигибиз үчүн бирге экенибизди көрсөтүүгө мезгил жетти. Баскынчылар Кремль менен каалагандай сүйлөшө берсин, бирок баарын эл чечет. Бул жекшембиде дүйнө жүзүнө беларустардын мыйзамдуу өкүлү Светлана Тихановская менен анын Координациялык кеңеши экенин жеткирүү зарыл», деп жазылган.

Минскиден башка дагы бир катар шаарларда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандар 6-сентябрда каршылык акцияларына чыгышты. «Азаттыктын» беларус кызматы Гроднодо күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери шаардын борборун көздөй бараткан демонстранттардын тобун кууп таратканын, айрымдарын кармап кеткенин маалымдады. «Медиазонанын» кабарына караганда, анда милиция тамакты кычыштырып, көздөн жаш агызган газ колдонгон болушу мүмкүн.

Брест шаарында каз-катар тизилип алып жүрүшкө чыккан демонстранттар орто жолдон кайтты, алардын жолун милиция тороп турду. Бобруйскиде Ленин аянтына ак-кызыл-ак түстүү желек көтөргөн 300дөй адам топтолду. Витебскиде да демонстранттар жүрүшкө чыгып, милиция жолтоо болгондуктан кайра Эркиндик аянтына кайтып келишти.

Гомелде болсо жүздөгөн адамдар облустук аткаруу комитетинин алдына чыгып «Уят!» деп кыйкырып турушту. Ушундай эле акциялар Могилевдо да өтүп жатат.

Ишембиде каршылык акциясына тилектештик билдирип чыккан студенттердин айрымдары күч менен кармалган. Бетин чүмкөгөн күч органдарынын кызматкерлери аларды номурлары жок автобустарга салып кетишкен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ошол күнү 90дон ашык адам кармалганын билдирген жана алардын 30дан көбү сотко чейин камакта калган. Мындай акциялар Беларустун 20га жакын аймагында өткөн.

Соңку жума күнү президенттик шайлоодо оппозициядан талапкер болгон Свтелана Тихановская Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде Беларустагы жагдай тууралуу сөз сүйлөгөн. Анда беларус эли бул уюмдун жардамына муктаж экенин айткан жана Лукашенконун режими аягына чыгышы керек экенин билдирген.

Тихановская тынч жыйынга чыкккандарга ашкере күч колдонулуп жатканын айтып, БУУну беларус күч органдарынын жетекчилерине санкция салууга үндөгөн.

Беларуста соңку президенттик шайлоодо азыркы президент Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыяланган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес жана жарандарды тынч нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн. Ошондон бери Минск баштаган бир катар шаарларда миңдеген адамдар Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жапырт каршылык акцияларына чыгып жатат. Тоз-тополоңдо бери дегенде алты адам мерт болуп, дагы алты адамдын дайыны белгисиз.

Өткөн айдын аягында Балтика боюндагы үч мамлекет - Литва, Латвия жана Эстония Лукашенко баштаган 30дай адамга санкция киргизген. Лукашенко шайлоодо жеңгенин айтып, каршылык акцияларына байланыштуу айрым чет өлкөлөрдү айыптап келет.

Ушул тушта Литвада баш калкалап жаткан Тихановскаянын демилгеси менен добуш берүүдөн кийин бийликти өткөрүп алуу жана саясий каатчылыкты жөнгө салуу боюнча Координациялык кеңеш түзүлгөн. Кеңешке байланыштуу «бийликти күч менен басып алуу» деген берене менен кылмыш иши козголуп, анын мүчөлөрү суракка чакырыла баштаган. Ошондон улам Тихановскаянын саясий санаалашы Ольга Ковалькова өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG