Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

18:59 27.9.2020

Минск шаарында Интернет өчүрүлдү.

18:58 27.9.2020

Беларустун Гомель шаарында ОМОН демонстранттарга каршы көздөн жаш агызчу газ колдонду.

17:33 27.9.2020

Өткөн аптанын хроникасы

  • Минскиде 26-сентябрда аялдар маршынын ондогон катышуучулары жана журналисттер камакка алынган.
  • 25-сентябрда Латвиянын Тышкы иштер министрлиги санкция салынган беларус аткаминерлердин тизмесин узартты. Тизмеде 101 аткаминердин аты-жөнү бар.
  • 24-сентябрда АКШ, Британия жана Канада шайлоодогу бурмалоого жол берген, демонстранттарга карата күч колдонгон деп табылган адамдарга санкция киргизди.
  • Минскиде 17 жаштагы демонстрант Тимурдун апасы көз жумду. Митингдердин биринде Тимурду күч кызматкерлери аёосуз сабап салып, ал комага түшүп калган.
  • Беларуста “балдарды митингге катыштырган” деп 280 кылмыш иши козголду. Вице-премьер-министр Петришенко “эч бир ата-эне жоопкерчиликтен кача албай турганын” айтты.
  • 23-сентябрда Александр Лукашенко шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги ант берүү аземи аяктаган соң гана маалымат таратты. Минскидеги президенттик сарайда 66 жаштагы Лукашенко антты беларусча берип, атайын күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошинанын колунан алды.
17:04 27.9.2020

Минскиде "Чыныгы президенттин элдик инаугурациясы" деп аталган митинг башталбай жатып, ага катышуу үчүн келгендерди күч кызматкерлери кармап кетүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG