Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

«Катаал үнөм» чын эле катаалбы? (1-бөлүк)


Төө-Ашууда кой айдаган өспүрүмдөр. 17-июнь, 2017-жыл.
Төө-Ашууда кой айдаган өспүрүмдөр. 17-июнь, 2017-жыл.

Гүлнара Каликова Кыргызстандын экономикасынын абалына сереп салат.

2020-жылдын май айында экономикалык абалдын начарлашына байланыштуу кыргыз өкмөтү 2020-жылдын республикалык бюджетин кайра карап чыгып, өзгөртүлгөн бюджетти сунуш кылган. Жаңы бюджетте кирешелердин 28,4 млрд. сомго азайышы жана мамлекеттик чыгымдардын 8,6 млрд. сомго кемиши каралган. Бюджеттин 27,7 млрд. сомдук «жыртык-тешиктери» эл аралык уюмдардын насыялары менен жамалган.

Мамлекеттик бюджетти, т.а. мамлекеттик аппаратты камсыз кылуу, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын, пенсиялар менен жөлөкпулдарды төлөө, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын чыгымдарын насыялар сактап калабы? Ооба, сактап калат. Насыялар экономиканы, биринчи кезекте жеке секторду, өз алдынча иштеп нан тапкан адамдарды, сактап калабы? Бул күмөн, анткени насыялардын орчундуу бөлүгү бюджеттик чыгымдарды төлөөгө жумшалат. Бирок салыктары менен бюджетти толтуруп турган жеке сектордун жардамысыз мамлекеттик бюджет тез эле өксүп калат.

Бул жылдын май айында өкмөт бюджеттин чыгымдарына «катаал үнөм» жарыялаган.

Мамлекеттик аппараттын жылдан-жылга өскөнүн эске алганда кантип «катаал үнөмгө» өтөбүз? Айрыкча июль айындагы күчөп кеткен коронавирус эпидемиясынын жана Кыргызстандагы экономиканын төмөндөшүнүн кайталанган толкунунда кантип үнөмдөйбүз? Андан тышкары, дүйнөлүк экономиканын 5,2% кичирейиши менен бирге терең жана узакка созулган рецессия башталды. Кризис шартында, өлкөлөрдүн баары экономикасын сактап калыш үчүн бардык күч-аракетин жумшады. Тышкы жардамга көз каранды өлкөлөр өздөрүнө гана ишенүүгө аргасыз.

* * *

Киреше жок болсо же кемип жатса чыгымдарды азайтып, кирешени көбөйтүүнүн амалын издеш керек экени ар бир үй-бүлөгө жана уюмга белгилүү. Антпесе үй-бүлө ачка калып, уюм банкрот болот.

Бул жараян мамлекетке да тиешелүү. Мамлекеттик кирешелер азайып кетсе биринчиден мамлекеттик чыгымдарды кыскартыш керек, экинчиден, кирешелерди көбөйтүүнүн жолун издеш керек. Булар аткарылбаса калк жакырланып, мамлекет карыздарын төлөй албай банкрот болот. Мындай келечек коркунучтуу, бирок экономикасы бир топ жылдардан бери мындай илдеттен арылбаган Кыргызстан үчүн өтө реалдуу. Мындан ары да мамлекеттик чыгымдарды азайтыш керекпи? Бул суроонун жообун ушу макалада талкуулайбыз. Кирешелерди арттыруу боюнча чечимдер барбы? Аны кийинки макалаларда талкуулайлы.

1. Мамлекеттик бюджет эмне үчүн керек жана ал эмнени камтыйт?

(Бул макалада келтирилген сандардын баары Финансы министрлигинин сайтында жарыяланган. КРнын 2020-жылга өзгөртүлгөн республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга карата болжолдуу бюджети боюнча документтеринен алынган. Республикалык бюджеттин киреше-чыгашасын сүрөттөгөн документтер аталган документтердин 1-тиркемеси көрсөтмөлүү болуш үчүн макалага тиркелет).

Кыргыз Республикасынын бюджети (мындан ары «бюджет») мамлекеттин өз жарандарына көрсөткөн кызматын, б.а, мамлекеттик жана муниципалдык (мындан ары «мамлекеттик башкаруу») кызматтарын каржылаш үчүн керек. Буга мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө, билим берүү жана саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, инфратүзүмдү (жолдор, көпүрөлөр, суу, электр менен камсыз кылуу ж.б.) каржылоо, карыздар боюнча карыздарды төлөө кирет.

Бюджет киреше менен чыгашадан турат.

Бюджеттин кирешеси төмөндөгүлөрдөн толтурулат: салыктардан (салыктардан, жыйымдардан, бажы алымдарынан, айыптар менен туумдардан); салыктык эмес кирешелерден (ижара акысынан, берилген насыялар боюнча пайыздардан, алымдардан, жыйымдар менен төлөмдөрдөн); расмий трансферттерден (алынган гранттардан); капиталдык кирешелерден (негизги каражаттарды сатуудан - жер, кыймылсыз мүлк, жабдуу).

Бюджеттин чыгашаларына төмөнкүлөр кирет: операциялык чыгымдар (эмгек акы төлөө, товарларды жана кызматтарды сатып алуу, алынган насыялар боюнча пайыздарды төлөө, субсидиялар, гранттар, социалдык жөлөкпулдар жана башка чыгымдар); финансылык эмес активдер менен операциялар боюнча чыгымдар (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен); финансылык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө кеткен чыгымдар (накталай жана нак эмес акча, үлүштөр, акча милдеттенмелери менен); милдеттенмелердин негизги бөлүгүн жабууга кеткен чыгымдар (карыздар боюнча негизги сумманы төлөө). Финансылык эмес активдер менен операцияларды жүргүзүү боюнча операциялык чыгымдардын жана чыгымдардын суммасы бюджеттин жалпы чыгымдарын түзөт.

Кыргыз Республикасынын бюджети (мындан ары "бюджет") мамлекеттин өз жарандарына көрсөткөн кызматын, б.а, мамлекеттик жана муниципалдык (мындан ары - "мамлекеттик башкаруу") кызматтарын каржылоо үчүн керек. Буга мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо, инфраструктураны (жолдорду, көпүрөлөрдү, суу, электр менен камсыз кылуу ж.б.) каржылоо, карыздар боюнча карыздарды төлөө кирет.

2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашасы

2020-жылдын апаатка чейинки бюджетинде киреше бөлүгү 163,7 млрд сом өлчөмүндө пландаштырылган. Карантин чаралары киргизилгенден кийин май айында кирешелердин көлөмү 135,3 млрд сомго, т.а, 28,4 млрд сомго кемитилген. Мындай түп-тамырынан кемитүү эгемен Кыргызстандын тарыхында эч качан болгон эмес. (1-таблицаны караңыз. Кирешелер).

Бюджеттин кирешеси эмне үчүн азайды? Жооп жөнөкөй - себеби, адамдар жумушсуз калып, кирешеси жок жана салык төлөнүүчү эч нерсе калбады. Ал эми салыктар - бюджеттин негизги (78% чейин) булагын түзөт. Май айында бюджеттин салыктык төлөмдөрү 31 млрд. сомго, салыктык эмес төлөмдөрү 0,4 млрд. сомго азайган. Ошол эле учурда эл аралык уюмдардан алынган гранттардын көлөмү үч миллиард сомго көбөйгөн.

1-таблица. Киреше

Бюджет/ Кирешелер

2019-жыл

( млрд. сом)

2020 - жыл

(млрд. сом)

2020 – май айында өзгөртүлгөн (млрд. сом)

Кирешелер (жалпы)

148,5

100%

163,7

100%

135,3

100%

Салыктар

106

71,4%

127,9

78,2%

96,8

71,5%

Салыктык эмес кирешелер

29

19,5%

26,1

15,9%

25,7

19%

Расмий трансферттер - гранттар

13,5

9,1%

9,7

5,9%

12,8

9,5%

Кирешелер азайгандан кийин чыгымдарды да азайтыш керек. 2020-жылдын кризиске чейинки бюджетинде чыгашалар 171,6 млрд сом өлчөмүндө пландаштырылган. Өзгөртүлгөн бюджетте чыгашалар 163 млрд. сомго, б.а, 8,6 млрд. сомго кыскарган. (Кененирээк маалыматты 2-таблицадан караңыз - Чыгымдар).

Эмненин негизинде чыгымдар азайган? Бир жагынан кыскартуунун эсебинен: эмгек акыны 0,5 млрд. сомго, товарларды жана кызматтарды сатып алууну - 2,9 млрд. сомго, гранттар менен төгүмдөрдү - 0,5 млрд. сомго, башка чыгымдарды - 0,5 млрд. сомго, финансылык эмес инвестицияларга инвестицияларды 5,9 млрд. сомго кыскартуудан. Ошол эле учурда айрым чыгашалар өскөн: пайыздар 0,6 млрд. сомго, мамлекеттик ишканаларга субсидиялар 0,5 млрд. сомго, социалдык жөлөкпулдар жана төлөмдөр 0,3 млрд. сомго өскөн.

2- таблица. Чыгаша

Бюджет/ Чыгымдар

2019- жыл

(млрд. сом)

2020 - жыл

( млрд. сом)

2020 – май айында такталган

( млрд. сом)

Чыгашалар (жалпы)

(финансылык активдерди эске албаганда)

149,3

100%

171,6

100%

163

100%

Операциялык

чыгымдар

122,8

142

139,3

Эмгек акы*

42,5

34,6%

52,7

37,1%

52,2

37,5%

Соцфонд төлөмү

5,2

4,2%

6,6

4,6%

6,5

4,7%

Товар жана

тейлөө сатып алуу

19,4

15.8%

24,0

16,9%

21,1

15,1%

Пайыздар

7,7

6,3%

8,4

5,9%

9,0

6,5%

Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар

2,1

1,7%

1,9

1,4%

2,4

1,7%

Гранттар жана төгүмдөр

35,2

28,7%

36,8

25,9%

36,9

26,5%

Социалдык жөлөкпулдар жана төлөмдөр

9,9

8,1%

9,9

7,0%

10,2

7,3%

Башка чыгымдар

0,8

0,6%

1,7

1,2%

1,0

0,7%

Финансылык эмес активдер менен операцияларды жүргүзүү боюнча чыгымдар

26,5

29,6

23,7

  • «Эмгек акы» беренесине мугалимдердин (орточо маянанын 40%) жана дарыгерлердин(эмгек акыга кеткен чыгымдардын 2% ашпаганы) маянасы кирет.

Кыскартылган чыгымдардын өлчөмү (8,6 млрд. сом) кыскартылган кирешенин өлчөмүнөн (28,4 млрд. сом) үч эсе аз экендигин белгилеп кетели. Бул да келип чыккан дефициттин бир себеби.

Бюджеттин дефицити

Киреше менен чыгашалардын бирдей эмес жана теңсиз кыскарышынын натыйжасында 2020-жылга карата такталган бюджетте 27,7 млрд. сом таңкыстык (дефицит) пайда болду. (3-таблицаны караңыз - Тартыштык).

3-таблица. Тартыштык

Киреше

Чыгаша

Дефицит

135,3 млрд. сом

163 млрд. сом

- 27,7 млрд. сом

Бюджеттин тартыштыгы мындан ары да күчөйт (1-кыстырманы караңыз - бюджеттин таңкыстыгын билдирет). Анткени экономиканын төмөндөшү токтогон жок. Жеке сектор калыбына келе элек. Бул акча табуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан бюджетти салык менен толтуруп, 2019-жылдын деңгээлине жеткирүү мүмкүн болбой калат дегенди билдирет.

1-кыстырма - бюджеттин дефицити билдирет

Мамлекеттик бюджеттин дефицити - чыгашалардын (мамлекеттик башкарууга багытталган) кирешелерден ашып түшүшү (негизинен салыктар жана салыктык эмес төлөмдөрдүн эсебинен түзүлөт)

«Өкмөт бюджет тартыштыгын кайсы каражаттардын эсебинен жабат?» деген суроо туулат. Буга, албетте, «насыялар менен гранттардын эсебинен» деген айкын, ачык жооп бар. 2020-жылдын июлунда финансы министри Бактыгүл Жээнбаева «Aзаттык» үналгысындагы маегинде бюджеттеги таңкыстык боюнча «тышкы жардамга кайрылгандан башка айла жок», « ... элестетсеңиз, ооруп үйдө жатасыз дейли. Эмне кыласыз? Кошунаңызга барып, карыз сурап, дары-дармек сатып алып, тез айыгып, иштеп, кошунаңызга болгон карызыңызды төлөп, анан өзүңүз үчүн иштей бергениңиз жакшыбы? Же жөн эле үйдө жата бергениңиз туурабы?» деп жооп берген.

Кыргыз өлкөсү ошондой эле болуп жатат. Тынымсыз ооруп, кошунасынан карыз алат, дары-дармек сатып алат, иштейт, дагы ооруп калат, дагы бир жолу дары-дармек сатып алат ж.б.у.с. ондогон жылдар бою катаал чөйрөдө жашап келе жатат.

Министрдин айтымында, бюджеттин анча-мынча дефицити "бул кадыресе көрүнүш" жана "мында эч кандай трагедия жок". Балким ошондойдур, бирок акыркы жарым жылда өлкөнүн карызы ИДӨгө карата 54,8% үлүштөн 60,19% чейин өстү. Азыр карызыбыз 4,76 млрд. АКШ долларын (же 351 млрд. сомду) түзөт. Карыз келечек муундарыбыз үчүн оор жүк болгону аз келгенсип, өлкөнүн экономикалык өсүшүнө да тоскоол болот. Айрыкча карызды төлөө мөөнөтү - 2023-2031-жылдар аралыгында оор болот.

Өкмөттүн сайтындагы акыркы маалымат боюнча пандемиянын кесепеттерин жоюш үчүн өкмөт 627,3 млн. доллар өлчөмүндө тыштан жардам алган. Учурда каражаттын жарымы, т.а. 319,2 млн. доллары алынган. Анын 99% бюджетти камсыз кылууга, калган 1% жетпегени же 2,2 млн. доллары COVID-19 менен күрөшүүгө кеткен.

Өлкөдө экономиканы башкаруу, жалпысынан, насыяларды жана гранттарды алуу менен эле чектелип калды. Бул жагынан алганда Кыргызстан Борбор Азиядагы эң ири донордук жардам алуучу болуп калды. 1991-2018-жылдар аралыгында (Кытайдын жардамын эске албаганда), Кыргызстан 8 млрд. доллардан ашык каражат алган.

Экономиканы сактап калуунун насыя алуудан башка жолдору барбы? Бюджеттин тартыштыгын кантип жапса болот? Өлкөнүн негизги багуучусу болгон жеке секторду кантип колдош керек? Өкмөттүн бул боюнча чечими жок болсо анда башка өлкөлөрдөн үйрөнүш керек эмеспи? Көпчүлүк өлкөлөр биринчи кезекте мамлекеттик чыгашаларды азайтат. Кырдаалга жараша акчалай сыйлыктарды, командировка чыгымдарын, кошумча төлөмдөрдү кемитет. Мындан тышкары мамлекеттик органдарды жана мамлекеттик кызматкерлерди азайтат, жаңы кызматкерлерди кызматка албай турат же токтотот, эмгек акыларын убактылуу кемитет, мамлекеттик активдерди сатат, мамлекеттик функцияларды чектейт, аларды жеке ​секторго аутсорсингге берет, башка ыкмаларды колдонот.

Экономиканы сактап калыш үчүн бардык аракеттер жасалат.

Аларды ишке ашыруу үчүн өкмөттүн ролу кандай болуш керек? Аны келерки макалада уланталы.

Гүлнара Каликова

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

XS
SM
MD
LG