Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Президенттин кайчы пикир жараткан кайрылуусу


Бишкек шаары, 26-март, 2020-жыл.
Бишкек шаары, 26-март, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбековдун пандемия күчөп турган маалда Жогорку Кеңеште элге жасаган кайрылуусу кызуу талкууланууда.

Мамлекет башчынын сөзү республикадагы чыныгы абалды чагылдыра алдыбы? Коюлган талаптар ишеним жаратабы? Экономиканы турукташтыруу, коррупция менен күрөшүү чаралары үмүт арттырабы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмаз Акматалиев, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров жана серепчи Руслан Акмат катышты.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, президент ант берген өкмөттүн алдына койгон үч милдеттин бири – пандемия илдетинин кесепеттерин жоюу болду. Мамлекет башчысы өкмөттүн ал илдет менен күрөшүүдөгү бүгүнкү аракетине ачык, адилет баа бере алды десек болобу?

Алмаз Акматалиев: - Биз парламенттик-президенттик башкарууда жашап жатканыбызды унутпашыбыз керек. Менимче, президент дайыма өзүнө берилген ыйгарым укуктардын алкагында гана сүйлөп жүрөт.

Президент өз сөзүндө азыркы күндөгү орчундуу бир нече маселелерге токтолду. Анын ичинде сөзүнүн башында пандемияга байланыштуу айтты. Албетте илдет жайыла баштагандагы аракеттер өзүн актаган. Тилекке каршы, карантиндик режимдерди жеңилдеткенде дарыгерлердин, тартип коргоо кызматкерлеринин эки айлык эмгеги текке кетип калганын мамлекет башчысы ачык белгиледи. Менин оюмча, бул туура эле баа болду.

Бул илдетке жалгыз эле Кыргызстан туш болуп жаткан жок. Биздин кошуна, алыскы өнөктөш мамлекеттердин баары илдеттин экинчи толкунун көрүп жатышат. Биз жалпы глобалдык абалдан сырттан калган жокпуз. Президент ушуларга туура баасын берди.


«Азаттык»: - Руслан мырза, "мамлекет башчынын кайрылуусу өкмөттүн отчетундай эле болуп калды" дегендер бар. Сиздин оюңуз боюнча, кандай болду?

Руслан Акмат: - Мен Алмаз мырзанын айткандарына кошулбайм. Коомчулук президенттин сөзүнөн абдан көптү күткөн. Президент мамлекет башчы катары, улут лидери катары элге дем берүүчү, шыктандыруучу, багыттоочу, концептуалдуу маселелерди айтат деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, президенттин сөзү улут лидеринин эмес, сырттан карап турган байкоочунун кебиндей болуп калды.

Азыр өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абал өтө оор. Элдин бийликке болгон нааразычылыгын социалдык тармактардан эле билсе болот.

Президенттин сөзүнө баам салсак, ал мамлекеттеги чыныгы абалдан кабары жоктой сезилди. Мамлекет башчынын айткан маалыматтарын өкмөттүн өкүлү айтып жаткандай кабыл алдык. Чындыгында иштин көбүн өкмөт жасаганына карабай, президент «жасадык» деп айтып жатат.

Ооба, Конституция боюнча президенттин ыйгарым укуктары башка, бирок иш жүзүндө таптакыр башка болуп, президенттин аппараты 7-кабаттан баарын башкарып жатпайбы. Ал элдин баарына белгилүү.


Эгер Казакстандын лидери менен Кыргызстандын президентинин кайрылууларын салыштырып көрсөк, айырмасы асман менен жердей. Мени таң калтырган дагы бир нерсе: ар бир жаран «Эртең жашоом кандай болот, ден соолугум эмне болот?» деп тынчсызданып турганда президент кайрылуусунда шайлоого басым жасады.

Дагы бир маселе: президент өз сөзүндө «бейөкмөт уюмдардын иши ачык болушу керек, жалпыга маалымдоо каражаттары эркин болушу керек, парламент күчтүү болушу керек» деди. Иш жүзүндө нааразычылыктар күчөп, митингдер өттү. Бирок президент ал жөнүндө ооз ачкан жок.

«Азаттык»: - Элдар мырза, мамлекет башчысы пандемия шартында төмөндөп кеткен экономиканы калыбына келтирүү тапшырмасын койду. Айтылган талаптар канчалык ынанымдуу? Президент койгон маселелер канчалык деңгээлде экономиканы турукташтырууга өбөлгө боло алат?

Элдар Абакиров: - Учурда биринчи маселе экономика эмес, адамдардын өмүрүн сактап калуу болууда. Экономикадагы бүгүнкү оор абал, биз март-апрель-май айларында карантинде отурганыбыз маанисиз болгонун айтып турат, артка кеткенибизди билдирип жатат. Экономикабыз ошол үч айда артка кетти.

Сырттан алган акчаны максаттуу пайдалана алдыкпы? Четтен келген 400 миллиондон ашык доллардын баары маянага, башка социалдык колдоолорго кетип калды. Ал акча коронавирус менен күрөшүүгө жана экономиканы сактап калууга жумшалган жок. 400 миллион доллар карызга баттык, иштин натыйжасы болбогону көрүнүп турат. Өкмөттө мындай оор учурда жол көрсөтө турган, кырдаалдын өнүгүү сценарийин жаза турган адис жок. Негизи эле бизде адискөйлүк жок экендигин сездик.


«Азаттык»: - Алмаз мырза, президент шайлоо боюнча «мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок» деди. Бул сөздөр шайлоонун адилет өтүшүнө үмүт арттырат дегендер бар, сиздин пикир кандай?

Алмаз Акматалиев: - Менимче, президенттин «эч кимге карызым жок» деп айтканы туура, ачык сөз.

Кээ бир серепчилер «пандемия болуп жатса шайлоо жөнүндө айтыптыр» деп сындап жатышпайбы. Шайлоо бир аз кечеңдесе да өтүш керек. Эгер шайлоо өтпөсө демократиялык карым-катышка доо кетип калышы мүмкүн. Мен жаран катары шайлоо убагында эле өтүшү керек деп ойлойм. Эгер убагында өтпөсө, бийликтин өзүндө кризис болушу мүмкүн. Мөөнөтү өтүп кетсе, мурдагы бийлик легитимсиз болуп калат, жаңысы шайланбаса ал өзүнчө көйгөй жаратат...

Талкууну толугу менен аудиодон угуңуз

Президенттин кайчы пикир жараткан кайрылуусу (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:41 0:00
Түз линк


Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG