Техникалык өкмөт келди. Эмне өзгөрөт?
Кыргызстанда кайрадан премьер-министр алмашты. Акыркы жылдары салыштырмалуу узагыраак иштеген Мухаммедкалый Абылгазиев радио жыштык жаңжалынан улам отставкага кетти. Анын ордуна парламенттеги коалиция Кубатбек Бороновду сунуштап, парламент аны колдоду. Пандемиялык шартта экономикасы оор кырдаалга кептелген Кыргызстанда премьер-министрдин алмашуусунан эмне өзгөрөт? Кубатбек Боронов кандай өкмөт башчы болот? Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Жанар Акаев, мурдагы депутат Бектур Асанов, Борбор Азиядагы коррупция маселелерин изилдөө институтунун директору Эркайым Мамбеталиева катышты.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 11, 2025
Жогорку Кеңеш: Эрте шайлоого камылга башталдыбы?
-
Август 29, 2025
Эгемен элдин келечеги: Эркин өлкө, ачык коом, изденген муун
-
Август 11, 2025
“Снос” өнөктүгү: Үй-жайы бузулгандардын үнүн ким угат?
-
Июль 03, 2025
Жапаровдун Москва сапарынын мигранттарга жарыгы тийеби?
-
Июнь 25, 2025
Депутаттар демилгени колдон чыгардыбы?
-
Апрель 12, 2025
“Снос”: Мыйзам талабы жана менчик укугу