Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Европарламенттин алты депутаты Аскаровду бошотууга чакырды


Азимжан Аскаров сот залында. Бишкек, 10-январь, 2017-жыл.
Азимжан Аскаров сот залында. Бишкек, 10-январь, 2017-жыл.

Европа парламентинин алты депутаты кыргыз бийлигин өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу жана журналист Азимжан Аскаровду дароо абактан бошотууга чакырышты. Алар мындай мазмундагы катын Кыргызстандын юстиция министри Марат Жаманкуловго жиберишти. Ага «Европаны жаңыла» («Renew Europe») фракциясынын алты депутаты, алардын ичинде Европарламенттин Борбор Азиядагы делегациясынын жетекчисинин орун басары Атиже Алиева 15-майда кол койгон.

Катта 69 жаштагы Аскаровдун ден соолугу начарлап баратканы, ага коронавирус жугуу коркунучу бар экени, укук коргоочу жакында жарыяланган мунапыска кошулбай калганы белгиленген. Мындан тышкары Европарламенттин депутаттары Кыргызстандын Жогорку сотунун Аскаровго чыккан өкүмдү күчүндө калтырган соңку чечимине өкүнүчүн билдиришип, кыргыз бийлигин ал сыяктуу «жетишсиз мыйзамдык негиздер менен» камакта отурган адамдарды бошотууга үндөшкөн.

Жалалабаддык укук коргоочу Аскаров 2010-жылдагы июнь окуялары үчүн айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бардык соттук инстанциялар жана Жогорку сот 13-майда бул өкүмдү күчүндө калтырды. Ага жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деген айып коюлган.

2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргондун Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосулуп, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми милиционер Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберишкени кабарланган. Азимжан Аскаров бул үчүн сотто күнөөлүү деп табылган.

XS
SM
MD
LG