Жалал-Абадда токтоп турган ун завод иштеди
Жалал-Абад шаарында акыркы беш жылдан бери токтоп турган ун комбинат өзгөчө абал учурунда ишин жандантты. Аймакта унга болгон суроо-талаптын жогору болушу заводдун ишин илгерилетти. Учурда суткасына 120 тонна ун чагарып жаткан завод өкмөттөн колдоо болбосо кайрадан токтоп калышы мүмкүн дешет.