Жергиликтүү бийлик өлкөдөгү абалга карабай жазгы талаа иштерин уюштурууну колго алып, үрөн, күйүүчү май, жер семирткичтер жетиштүү болгонун айтып, санитардык-карантин постторуна жазгы талаа иштерине жолтоо болбой иш алып барууну сунуш кылган.
Баткенде жазгы талаа иштери кызыды
Баткенде жаз алды менен 48 миң гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин айдоо пландалган. Учурда айдап-себүү иштеринин 95 пайызы аткарылды.

1
Баткенде өлкөдөгү абалга карабай жазгы талаа иштери кызыган учур.

2
Дыйкандар иш учурунда.

3
Баткенде жаз алды менен 48 миң гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин айдоо пландалган.

4
Быйылкы жазгы талаа иштери карантинге туш келди. Ага карабай дыйкандар өздүк гигиенаны сактоо менен талаа иштерин да жүргүзүп жатышат.

5
Жер ченеп жаткан дыйкан.

6
Жакадагы трактор.

7
Эгин талаасындагы жалгыз дарак жайкысын дыйкандарга көлөкө болот.

8
Жергиликтүү бийлик талаа иштерине керектелүүчү үрөн, күйүүчү май, жер семирткичтер жетишээрлик бар экенин айтууда.

9
Баткен облусу боюнча 60 миң гектардан ашык айдоо аянты бар.

10
Камыш кесип жаткан бала.

11
Талаадагы дыйкандарга тамак жеткирип келе жаткан балдар.

12
Помидор баккан Кадамжайдын тургуну Махмутали Темиров. Дыйкандын помидорлору май айында бышып баштап, базарларга сатыкка чыгат.

13
Баткенде аба ысык болгондуктан күнөсканаларга кошумча жылытууга каражат сарпталбайт.

14
Баткен облусунда 375 күнөскана бар.

15
Жазгы желге магдыраган айылдагы павлиндер.

16
Бал челекчилер да жазга даярданууда.

17
Бал челегин ачып жаткан дыйкан.