Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Эл үнү: Ооруканага жетпеген бейтаптар, жолдо калган жарандар


Бишкекте өзгөчө абалда коопсуздукка көз салган милиция кызматкери, 26-март, 2020-жыл.
Бишкекте өзгөчө абалда коопсуздукка көз салган милиция кызматкери, 26-март, 2020-жыл.

"Эл үнүнө" маянасын аз алган мугалимдер, ооруканга жете албаган жарандар арыз-муңун айтып кайрылышты. Оренбург облусунда жана Стамбул шаарында топтолгон жарандар өз мекенине жете албай, өкмөттөн жардам сурашат.

Мадина Алмазбек кызы, Бишкек шаарынын тургуну:

- Мен жумасына үч жолу ооруканага диализге барышым керек. Азыр такси токтоду. Ооруканага жете албай калдым. Абалым оорлошуп жатат. 1-топтогу майыпмын. Бизге окшогон жашоосу диализге байлангандар эмне болот? Эч кимге үнүм жетпей койду! Мен сыяктуу бейтаптарга атайын бир транспорт жагы чечилсе жакшы болмок эле.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын адиси Назгүл Курамаеванын жообу:

- Эгер жаранга диализ өтө чукул керек болсо жеке менчикпи же ооруканабы ошол кишиге атайын тастыктама, оорунун тарыхы менен кошуп беришет. Маршруттук баракчасында баары так көрсөтүлсө текшерүү посттордон өтө алышат.

Иманбаева Гүлбарчын, Токмок шаарынын тургуну:

- Менин кайын атам аттан жыгылып, Токмок шаарындагы ооруканага жаткан. Негизи өзүбүз Искра айылында каттоодо турабыз. Бирок ооруканада үч күн эле жаткырып, анан “үйгө барып дарыланыңыз” деп чыгарып жиберишкен. Анан бир айдан кийин дарыгерлер жазып берген кагаздарды алып, кайра догдурга бардык. Башкы дарыгерге кирсек, ”флюрографиядан өткүлө” деди. Андан кийин атамды кайра алып келдик. Шаардан болсо жол жабылып, эми бара албай жатабыз. Ошентип атамды догдурга көрсөтө албай жатабыз. Жолдо такси, маршрутка жок. Атамды рентгенге түшүрүп, диагнозун тактай албай отурабыз. Атамдын оорусу күндөн күнгө күчөп баратат. Өзүбүздө да шартыбыз жок, батирде турабыз. Токмокто догдурлар атамды томографияга да түшүргүлө дептир. Токмокто ооруканага түшкөндө 5000 сомго чейин дары-дармек алдырышкан. Алардын баары үйдө турат. Эч нерсеси сайылган жок. Эми кайда кайрылабыз? Жардамга муктажбыз.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын адиси Назгүл Курамаеванын жообу:

- Эгерде жаран операциядан кийин дарыгерге көрүнөм десе, же ооруканага тамчылатма дары сайдыруу керек болсо медициналык мекемелер жазып берген атайын тастыктаманы, оорунун тарыхын көрсөтүш керек. Мындар жарандарды текшерме посттордон коё берип жатышат.

Айсулуу Калбаева:

- Биз жети аялбыз, балдарыбыз трахеостомия деген дарттан жабыркашат. Балдар атайын түтүкчө аркылуу дем алышат. Аларга керектүү медициналык каражаттар Орусиядан буйрутма менен келет. Азыр чек ара жабык. Орусия буйрутма кабыл албайт. Мурда энелер акча чогултуп, сатып алчубуз. Балдар карантин бүткөнчө күтө алышпайт, жөн эле дем ала албай, өлүп калат.

Тилекке каршы, "Азаттык" радиосу Саламаттык сактоо министрлигинен бул суроого жооп ала алган жок.

Ала-Бука районунан аты-жөнүн айткысы келбеген мугалим:

- Биздин айылыбыз жаныбыздагы Чаткал, Аксы райондоруна жакын жайгашкан. Биздин мугалимдердин айлыгы аз. Мен 20 саат менен иштеймин, башында 13 миң сом алганбыз. Бүгүн да 22 күнгө толук төлөнөт деген, бирок 10 миң сом айлык алдым. Толук төлөнсө мен 13 миң сом айлык алышым керек эле. Бүгүн беш-алты мугалим барып айлык алсам, 2-3 миң сом аз тийди. Муну текшерген эч ким жок. Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө бардык мугалимдер нааразы. Эч ким чын-бышыгына жете албайт. Текшертсең эле коркута башташат.

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо бөлүмүнүн башчысы Насыйкат Баймуратованын жообу:

- Министрлик Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнөн маалыматты тастыктадык. Мугалимдерге 16-мартка чейин өткөн сабактарына жана 31-мартка чейин тарификацияда берилген каникул маалындагы акчасы толук төлөнүп берилди. Биздин автоматташтырылган эсепканага баары киргизилген. Эч жакта эч кандай "маяна аз төлөнүп калды" деген болбош керек.

"Аксы, Чаткал райондорунда эмгек акы аз берилди" деген туура эмес маалымат. Бул райондорго 29-марттан баштап эмгек акы которулуп, дем берүүчү фонддо саналып жатат. Эмгек акыга кошумча да бул фонддон акча берилмекчи. Ал кварталдын жыйынтыгы менен берилет. Эч бир жерде эмгек акынын аз берүү мүмкүн эмес. Каникул күндөрүндө да министрликтин буйругу менен эмгек акы сакталды. Билим берүү тармагына 2 млрд. 300 млн. сом бөлүндү.

Оренбургда ара жолдо тургандар

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

15-марттан бери кыргыздын жарандары машинелер менен алдыга же артка кете албай турабыз. Машинеде түнөп атабыз. Ашканалар жабык. Элдин акчасы түгөндү. Мейманканалар карантигне жабылып калган. Кыргыз өкмөту жардам бере алган жок, консул келип эле санап кетет. Бул жерде бизге жардам берген эч ким жок. Казакстандан суранып, “жашыл коридор” ачтырып берсеңиз. Негизги масса ушул жерде турса, жарымы дагы Соль-Илецк шаарында. Аялдар, балдар бар. Бул жерде 100гө жакын киши жатабыз. Биз да кыргыздын жарандарыбыз. Биздин мамлекет барбы же жокпу? Эч кимге кереги жоктой болуп отурабыз ушул жерде. Бизге мамлекеттен бир тыйын кетпейт. Казакстандын аймагынан “жашыл коридор” берип койсо эле Кыргызстанга өтүп кетебиз. Биз өкмөттөн поезд, самолет сураганыбыз жок. Эптеп курсагыбызды тойгузуп, күтүп атабыз.

Оренбургда ара жолдо калгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

31-март. 100дөн ашуун машине, 150дөй киши турабыз. Тизме түзүлгөн. Баары бар. Орусиянын полициясы күнүгө келип, текшерип кетип жатат. Дарыгерлери келип, дене табыбызды өлчөп кетишет, ооруган бир да адам жок.

Өзбекстан менен Тажикстан өз жрандарын терип-терип чыгарып кетти. Биз өкмөттөн бир сом сурабайбыз. Коридор эле ачтырып бергиле.

Депутаттар, силерге шайлоодо добуш керекпи? Кана, азыр иштеп, бизге коридор ачтырып бергиле. Эртең шайлоодо эле бири-бирибизге керек болобуз. Азыр бизге жардам берсеңер, силерге добуш болот.

Оренбургдагы Кыргызстандын ардактуу консулу Жандар уулу Таалайбектин кыргыз бийлигине кайрылуусу:

Оренбургдагы ардактуу консулдун кайрылуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Түркиядан үйгө жете албагандар

Саманта Маматкадырова:

- Биз Стамбул шаарынан жазып атабыз. Бул жерге операция жасатууга келгенбиз. Колубузда билетибиз бар болчу, 21-мартта Кыргызстанга учуп кетишибиз керек эле. Бардык каттамдар токтогондуктан, биз уча албай отурабыз. Түркияда бизге окшоп жолдо калган кыргыз жарандары көп. Алардын тамак-ашка, батирге төлөгөнгө акчасы жок. Карантинге байланыштуу чогула да албайбыз. Кыргыз өкмөтү учак жиберип, бардык жарандарды өз мекенине алып кетүүнү суранабыз.

Аты-жөнүн атабаган кош бойлуу аял: - Азыр жаман абалда турам. Коронавирустун айынан учак да токтоду. Өз жерибизге жете албай кыйналып жатабыз. Боюмда бар, 8 ай болду. Мөөнөтүмө бир эле ай калды, ага чейин эле төрөп салчудай болуп атам. Күйөөм Кыргызстанда. Кыргызстанга жетип төрөйүн деп ойлогом. Азыр акчам жок же жумушка орношо албайм. Чет өлкөдө калтырбай жардам берип коюңуздарды абдан суранам.

Улукман Сабиралиев: - 29-март күнү бардык документтеримди уурдатып жибердим. Анын ичинде паспорт, банк карталары жана сактаган бир аз акчам бар болчу. Азыркы тапта абалым өтө оор. Тамак-ашка, батирге төлөгөнгө акчам жок. Көчөдө калышым да ыктымал. Мага ыкчам жардам берүүңүздөрдү өтүнөм. Түркиядан Бишкекке жеткенге жардам бергиле.

Атын атабаган аял: - Ушул тапта мен Түркиядамын. Бул жакка операция жасатканы келгем, эми кайра Кыргызстанга жете албай отурам. Үйдө жашы жете элек эки балам калган. Бизди жолдо калтырбай, алып кеткиле.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 30-марттагы онлайн басма сөз жыйынында четте калган кыргызстандык жарандар тууралуу суроолорго мындайча жооп берген:

- Кимдин колунда учакка билети бар болсо аларды ташып келип жатабыз. Андайлардын соңку 401ин бир рейс менен алып келип, обсервацияга жаткырдык.

1-апрелде чет жерде калган кыргыз жарандарынын маселесин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Наталья Никитенко да көтөрдү:

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG