Карантинде иш издеген тургундар
Бишкек шаары баш болгон үч шаарда жана үч райондо 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Буга байланыштуу көчөдө жүрүүгө болбойт. Ага карабастан айрым адамдар үй-бүлөсүнө күнүмдүк азык-түлүккө каражат табуу үчүн иш издегенге аргасыз. Андай адамдардын кээ бири Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жалданып иштегендер турган жерге чыгып жатат. 31-мартта “Азаттык” радиосунун кабарчысы ал жерде тургандар менен маектешти. Өзгөчө абалга чейин ал жерде жумуш издеген ондогон адамдар турса, азыр саналуу гана адамдар келип жатыптыр.
Чыгарылыштар
-
Июль 14, 2026"Карындашым өз жанын кыйганына ишенбейбиз”
-
Июль 14, 2026Өзгөн: Кашка-Теректеги чыр бычакташууга чейин жетти
-
Июнь 29, 2026Бишкектеги мунай тартыштыгы
-
Июнь 26, 2026Сумая: “Күйөөмдүн колунан тирүү чыкканыма сүйүнөм”