Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

АКШ коронавирус жуккандардын саны боюнча алдыга чыкты


АКШда коронавирус жуккандар 85 миң кишиге жетип, дүйнө жүзү боюнча илдет аныкталгандардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Кошмо Штаттар бул көрсөткүч боюнча жугуштуу илдет башталган Кытайдан өтүп кетти.

АКШда бул илдеттен өлгөндөрдүн саны 1200 киши. Бейшемби күнү 150 киши көз жумуп, 10 миң кишиден коронавирус аныкталды.

Коронавирус АКШнын бардык штаттарынан аныкталып, Нью-Йоркто 37 миңден ашык киши бул илдетке чалдыкты. Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо штатта медициналык мекемелерге күч келерин билдирди. Ал бейтаптарга жасалма дем алдыруучу аппараттар тартыш болушу мүмкүн экенин белгиледи. АКШнын бир нече штатында жана Нью-Йоркто карантин жарыяланды. Сенат коронавирустан улам жабыркаган ишканаларга, элге, саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүш үчүн 2,2 триллион доллар бөлүүнү караган мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды.

XS
SM
MD
LG