Коронавирустун кыргыз базарына таасири
Кытайда чыккан коронавируска байланыштуу бир катар өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жаап, аба каттамдарын токтотту. Кыргызстан Кытайдан негизинен электроникалык техникаларды, курулуш материалдарын, текстиль товарларын алып келет. Чек аранын жабылышы Кыргызстандын экономикасына, соода-сатыкка кандай таасир этип жатат? "Азаттыктын" кабарчылары Бишкектин базарларын кыдырып жооп издеп көрдү.