Футбол борбору, тараптардын жүйөсү
Кыргызстандын Футбол федерациясы менен Бишкек мэриясынын ортосунда пикир келишпестик чечиле элек. Федерация мэрия жер бөлүп бербей жатканына нааразы болуп жатышат. Ал эми мэр Азиз Суракматов федерация сурап жаткан сегиз гектар жерди Бишкектин ичинен карап чыгууга жана мыйзамдуу жолун кароого убакыт керек экенин белгиледи.