Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:17

Алматыда жүргүнчү ташыган учак кулады

Бүгүн 27-декабрда эртең менен "Bek Air" авиакомпаниясына таандык "Fokker-100" учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй сапар алган. Бир нече убакыттан кийин Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Ичинде, баштапкы маалыматка караганда, 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Алматынын акимчилигинин соңку билдирүүсүнө караганда, каза болгондордун саны 15 адамга жетти. 66 адам ооруканада. Учак кырсыгынан жабыркаган бир кыргызстандык азыр ооруканада жатканын "Азаттык" радиосуна Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

XS
SM
MD
LG