Айтматов сыйлыгы Уланбек Эгизбаевге берилди
«Азаттыктын» белгилүү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы ыйгарылды. Күбөлүгү жана төш белгиси 12-декабрда Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында Уланбектин жакындарына тапшырылды. Ошондой эле жаштар сыйлыгы Айсулуу Тыныбековага, Адилет Токтогуловго, Акжол Дооронбек уулуну, Арзымат Жороевге, Дастан Жапар уулуна, Нурсултан Курбановго ж.б. берилди. Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы өкмөттүн 2000-жылдын 23-августтагы токтому менен негизделген. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон.
Чыгарылыштар
-
Март 21, 2026Нооруз–2026: Жаратылыш ойгонгон улуу күн
-
Март 08, 2026Бишкекте аялдарды коргоого чакырган акция өттү
-
Март 05, 2026Ажиев абактан тик учак менен чыкты
-
Февраль 19, 2026Баткен: Элге жер бөлүштүрүлө баштады