Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:50

«Үмүт 2020» кыймылы Саймаитинин өлүмү боюнча кайрылуу таратты


Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова Түркияда өлтүрүлгөн, Кыргызстандагы журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык Айеркен Саймаити боюнча видео кайрылуу таратты. Анда Айтматова Түркиянын күч органдарына кайрылып, Саймаитинин өлүмүн кылдат иликтеп, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулунун байланыштарын ачыкка чыгарууга чакырган. Ал «Ишкердин өлүмүнө кимдин кызыкчылыгы болгон?» деп суроо салган.

«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөнү кабарланды. Ал окко учкан жердин жанында анын автоунаасы табылганын жана машинеге консулдуктардын бирине таандык экени айтылган жасалма номер тагылганын түрк басылмалары жазып чыгышкан.

11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Бирок чечимдин себеби айтылган жок.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге таандык экени айтылган автоунаанын чоо-жайын тактап жатканы кабарланган.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG