Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштоону колдоду


Өкүлдөр палатасы
Өкүлдөр палатасы

АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо ишине байланышкан иликтөөнүн кийинки баскычын баштоого жол ачкан резолюцияны колдоду. Жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алына турган резолюцияны 232 депутат колдоп, 196 каршы добуш берди. Ага негизинен бардык республикачылар жана эки демократ каршы болду. Добуш берүүгө төрт эл өкүлү катышкан жок. Палатада демократтар көпчүлүктү түзөт.

Резолюция ачык угууларды өткөрүүгө, жабык жыйындардагы көрсөтмөлөрдүн стенограммасын ачыкка чыгарууга укук берет.

Бул добуш берүүнүн жыйынтыгы - Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 24-сентябрда баштаган демилгенин биринчи жолу расмий колдоого алынышы.

Президент Дональд Трамп Өкүлдөр палатасынын чечимин куугунтук катары сыпаттады.

АКШда президентке ишеним көргөзбөө боюнча демилгеге жеткирген саясий жаңжал Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам чыккан. Атайын кызматтагы информатор анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты «ыйгарым укугунан аша чапты» деп айыптап, ага импичмент жарыялоону баштоо аракеттерине киришкен. Президент Трамп буга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG