Бишкекте патрулдук милиция ишин баштады
Ички иштер министрлигинин жаңы түзүлгөн патрулдук кызматы Бишкекте 31-октябрдан тарта ишке кирди. Борбор калаанын Свердлов жана Биринчи Май райондорунун көчөлөрүндө адамдын жүзүн тааный турган 60 камера орнотулду. Бул долбоордун максаты - кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоо.