Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:17

Жикчил Абхазия аймагында «президенттик шайлоонун» экинчи айлампасы өтөт


Жикчил Абхазия аймагынын БШКсы шайлоонун экинчи айлампасында ат салыша турган талапкерлерди атады. Сухуми. 25-август, 2019-жыл.
Жикчил Абхазия аймагынын БШКсы шайлоонун экинчи айлампасында ат салыша турган талапкерлерди атады. Сухуми. 25-август, 2019-жыл.

Жикчилдердин азыркы лидери Рауль Хажимба менен оппозициячыл «Амцахара» партиясынын башчысы Алхаз Квициния Грузиядан өз алдынчалык жарыялап алган жикчил Абхазия аймагынын президенттиги үчүн шайлоонун экинчи айлампасында ат салышмай болушту. Грузия жана Батыш мамлекеттери тааныбаган республиканын Борбордук шайлоо комиссиясы жекшембиде өткөн добуш берүүдө аталган адамдар биринчи, экинчи орунду ээлешкенин билдирди.

«Интерфакс» агенттиги шайлоонун экинчи айлампасы 8-сентябрда өтөрүн кабарлады.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили шайлоону «жалган добуш берүү» деп атады.

26-августта Британия, Канада, АКШ биргелешип таркаткан билдирүүдө бул мамлекеттер «шайлоо» деп атап алышкан процесстин мыйзамдуулугун жана анын жыйынтыгын тааныбай тургандыгы айтылган. Орусия 2008-жылы өткөн согуштан кийин Түштүк Осетияга жана Абхазияга өз аскерлерин киргизген. Түштүк Осетияда 9-июнда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын да бир катар Батыш мамлекеттери таанышкан эмес.

XS
SM
MD
LG