Атамбаевдин сапары: сын жана божомол
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Орусияга учуп кетти. Ал чет өлкөгө чыгышынын максатын түшүндүрбөй, Орусиядагы “жогорку деңгээлдеги жолугушууларга” Канттагы Орусиянын аба базасына конгон жеке каттамдагы учууну туура көргөн. Мындай кырдаалда Атамбаевдин өлкөдөн чыгышы ар кыл суроолорду жаратты. Бул суроолорду “Азаттыктын” Эксперттер талдайт берүүсүндө талкууланды. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, жарандык активист, Атамбаевди лидер катары тааныган КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, коопсуздук маселелери боюнча адис Артур Медетбеков жана Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жураев катышты.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 11, 2026"75чилер иши": Шаардык сот чечими эмнени билдирет?
-
Август 27, 2026Президент Жапаровдун чакырыгы, шайлоонун шааниси
-
Июль 03, 2026"75чилердин иши": Сот өкүмүнүн укуктук жана саясий баасы
-
Июнь 18, 2026Соңку кырдаал: Саясий тиреш тереңдедиби?
-
Июнь 09, 2026"75чилердин иши": Ачык сот талабы аткарылабы?
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?