Парламент Атамбаевге каршы токтомду колдоду
Жогорку Кеӊеш 20-июнда «экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтом кабыл алып, Башкы прокуратурага жиберди. Токтомго 100 депутат «макул», беш депутат «каршы» добуш берди. Буга чейин Атамбаевге коюлган дооматтарды иликтеген депутаттык комиссия, алты иш боюнча мурдагы президентке тагылган кинелерди негиздүү деп тапкан. Эми парламенттин токтомуна прокуратурадан жооп келгенден кийин Жогорку Кеңеш кайра экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карайт.