11-майда өткөн 8-эл аралык "Run the Silk road" марафонунда 42 км. 195 метр аралыкка чуркоодо аялдардан Дарья Маслова, эркектерден Адилет Кыштакбеков биринчи келишти. Уюштуруучулар жеңүүчүлөргө 4000 АКШ доллары өлчөмүндө байге убада кылышкан.
Жибек жолунда жөө күлүктөр жарышты
Ысык-Көлдө "Run the Silk road" марафону өттү.

21
Ысык-Көл марафонунун максаты - дени сак жашоону пропагандалоо, ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достукту, спорттук байланышты жана туризмди өнүктүрүү.

22
Марафонду Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги, Улуттук олимпиада комитети, Жеңил атлетика федерациясы жана «Эл аралык марафон боюнча дирекциясы» коомдук уюму уюштурду. Жалпы байге фонду 2 млн. 790 миң сомду түзөт.

23
Байгеге жеткен жигиттер.