«Ак-Тилектеги» айдоочулардын абалы
«Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны азая элек. Айдоочулардын алды бир аптадан бери күнү-түнү автоунаасында жашап жатат. Алар кезектешип тамак даярдап, күн өткөрүшүүдө. «Азаттык» алардын жашоосун көрүп келди.