Назарбаев кетти. Эмне өзгөрөт?
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Коңшу Казакстан үчүн гана эмес, Борбор Азия үчүн да маанилүү бул жаңылык бир эсе күтүүсүз болсо, бир эсе "Кандай өзгөрүүлөрдү алып келет?" деген суроо жаратты. Назарбаевдин президенттиктен кетиши менен эмне өзгөрөт жана Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга эмне таасирин тийгизет? Бул суроолорду "Азаттык" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө талкууланды. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, дипломат Бактыгүл Каламбекова, Борбор Азиядагы Америка университетин профессору, саясат таануу боюнча адис Эмил Жороев жана саясатчы Эдил Байсалов катышты. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Мерхат Шарипжан Прагадан түз байланышка чыкты.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 04, 2024
"Жалган маалымат" үчүн жаза: Өкмөттүн талаштуу сунушу
-
Август 22, 2024
Миграция: Москванын саясаты, Бишкектин аракети
-
Май 16, 2024
Жазуучуга жаза: Саясий жана чыгармачыл эркиндик
-
Апрель 29, 2024
Үч округдагы шайлоо, Мадумаровдун мандаты
-
Март 28, 2024
Матраимовдордун кармалышы, коррупцияга каршы күрөш