Кыштутта телеканалдар тарта баштады
“Азаттык” тигил же бул айылдын маселесин, көйгөйүн жеңилдетүүгө аз да болсо салым кошкон учурлар көп. Алардын бири алыскы Баткен районуна караштуу Кыштут айылындагы тургундардын жашоосунун өзгөрүшү болду. Төрт тарабы тоолор менен курчалган Кыштут айылынын тургундары ушул жыл башында Кыргызстандын телеберүүлөрүн көрө алышпай, өлкөдөгү окуялардан, жаңылыктардан кабарсыз калып жатышканын айтып, “Азаттыкка” кайрылышкан болчу. Кыштуттуктардын көйгөйү тууралуу атайын тасма тартылып, көрсөтүлгөндөн кийин абал өзгөрүп, Кыргызстандагы бир да телеканалдын берүүлөрүн көрө албай келген айылдын эли азыр 15 телеканалды көрүп жатыптыр.
Чыгарылыштар
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”
-
Апрель 27, 2025
Молдовановка: Абак айланасындагы турмуш
-
Апрель 15, 2025
Абактагы кош өлүм суроо жаратты
-
Апрель 14, 2025
Москва мончосундагы окуя: ТИМ орус элчисине нота берди